Перс бакчасы Пасаргад

Википедия дан

Перс бакчасы Пасаргад باغ ایرانی پاسارگاد[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Перс бакчасы Пасаргад, Иран бакчаларынын архитектурасынын уңгусу деп эсептелген толук комплекстин бир бөлүгү. Тарыхый жазууларга таянсак, бул бакчаны курууда Улуу Кир Пасаргад бакчасынын түзүлүшүн, андагы бактардын жайгашуусун жеке өзү буйрук берип көзөмөлгө алып салдырган, башкача айтканда бакчанын архитектору, андагы кооздук Кирдин табити менен жасалып, азыркы атактуу Иран бакчасына айланган. Тарыхый жана археологиялык документтердин жана ландшафтык изилдөөлөрдүн негизинде, пасаргад чөлүндөгү бардык курулуштар үзгүлтүксүз структурасын туюндуруп, баардык элементтерди өзүнө камтыган кенен бакча. «Шах бакчасы» комплекстеги өзүнчө бир кичинекей бөлүк же болбосо Пасаргаддын ичиндеги «бакча ичиндеги бакча» курулушу.

Тахте-Жамшидде (Персеполис)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тахте-Жамшидде (Персеполис) табылган тарыхый эмгектерге ылайык, бакча галереянын алдында орун алышы толук ыктымал экени жана кийинчерээк Сасанид династиясынын доорунда бакчалар сарайлар менен храмдардын алдында тургузулганы, Ислам доорунда да уланып келгендигине Пасаргад бакчасы мисал болуп келет.

Пасаргад бакчаларынын божомолдуу үлгүлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аструнох, рационалдуу тартипти жана комплекстүү көрүнүштү тартипке салат, бирок ал чөлдөгү чачылган курулуштардын ортосундагы байланышты түшүнгөн эмес деп туура айгинелеп кеткен. Ал бир гана сарайдын алдындагы кичинекей бакчага көп көңүл бөлүп, сүрөттөгөн. Ал өзүнүн баяндамасында мындай деген: “3 негизги курулуштун тартиби жана орду, аймактагы сарайлардын жана бакчалардын жакын жайгашкандыгы болбогондо ар кандай типте болушу мүмкүн жана аны толук бир негиз катары ой жүгүртүүгө негиз бардыр”. (Аструнох 1379). Эгер Аструнох комплексти толугу менен карап дыкаттык менен көз чаптырганда, өзү берген суроолоруна жооп тапмак. Таштан жасалган суу тосмолордун азыркыга чейин сакталып калышынын жардамы менен Пасаргард бакчасынын бөлүктөрүн ачыка чыгаруу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Андан сырткары эң кичинекей изилдөөлөрдүн негизинде Пасаргардда табылган нерселер Ахаменид дооруна таандык экендиги аныкталууда. Божомолдуу пландын негизинде Пасаргад комплексинин структурасы жана өзгөчөлүгү, Кирдин күмбөзү бакчанын башында жана Тал тахт аягында жайгашкан. Атайын бакча жана сарайлар бакчанын ортосунан орун алган, анын тегерегиндеги курулуштар бири-бирине даана так келип дыкаттык менен курулган. R дарбазасы жана азыркы учурда бир бөлүгү калган көпүрө толук бойдон геометриялык тактык менен эң жогорку сапатта, кылдаттык менен курулгандыгын айгинелеп турат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мехрабани Гулзар, Мохамад Реза, «Пасаргард комплексинин структурасы жана өзгөчөлүгү», журнал Манзар, номур 20, 6-11 бет
  • Жом Жам
  • Аструнох, Дауд, «Пасаргард», которгон Хамид Хатиб Шахиди, биринчи басылыш, Тегеран