Мазмунга өтүү

Петрарка Франческо

Википедия — ачык энциклопедия

Петрарка Франческо (италянча Francesco Petrarca; 20. 7. 1304, Ареццо – 19. 7. 1374, Аркуа, Падуяга жакын жер) – италия акыны, Кайра жаралуу доорунун улуу гуманисттик маданиятына негиз салуучулардын бири. 1316-ж. Моппельяда, 1320-ж. Болоньяда укук илими боюнча таалим алган. 1333-ж. Европада, андан сон көп жыл бою Италияда саякаттап, байыркы маданият үлгүлөрүн изилдеген. «Дүйнөнү жек көрүү жөнүндө» трактатында (1342–43) ж. б. чыгармаларында жеке адам эркиндигин жактаган, поэтикалык өнөргө чоң маани берген. «Менин Италиям», «Көтөрүнкү көңүл» деген саясий лирикаларында өлкөнүн бытырандылыгын айыптап, биримдикке чакырат. Лауранын өмүрү жана өлүмү жөнүндөгү сонета, канцона, секстина, баллада, мадригалдан турган «Ыр китеп» жыйнагы – орто кылымга мүнөздүү көз караш менен дүйнөнү жаңыча көрө билүүнүн ортосундагы карама-каршылыкты чагылткан поэтикалык күндөлүк. 2-Пуни согушу жөнүндө «Африка» поэмасы (1339–42), «Буколиктер» (1346–57), «Жашыруун сыр же Дүйнөнү жек көрүү жөнүндө маек» (1342–43), «Урпактарга кат» (1374) ж. б. чыгармалары бар. Ал А. Данте жана Ж. Боккаччо менен тең катар италян адабий тилин түзүүчү катары чыгып, жалпы эле Европа поэзиясынын өнүгүшүнө зор таасир тийгизген.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]