Кузьма Петров-Водкин

Википедия дан
Петров-Водкин, Кузьма Сергеевич‎»‎ барагынан багытталды)

Петров-Водкин, Кузьма Сергеевич (1878, азыркы Саратов облусу – 1939, Ленинград) – советтик живописчиси, РСФСРдин искусствого эмгек сиңирген ишмери (1930). Москва живопись, ийчилик жана зодчийлик окуу жайында (1897–1905), Мюнхенде (1901), Парижде (1905-08) окуган. 1900-жылдары символизм жана модерн” агымдарынын таасиринде болуп, “Жээк” (1908), “Түш” (1910) сыяктуу сүрөттөрдү тарткан. Кийинчерээк чыгармачылыгында социалдык терең маңызы бар, жаңы доордун келишин каймана баяндаган темаларга көбүрөөк орун берип (“Чак түш”, 1917, “Таңкы натюрморт”, 1918, экөө тең Орус музейинде, Ленинград), кызыл, сары жана көк боёкторду айкалыштыра, мейкиндик чечилиши таамай бир катар чыгармаларды жараткан. Тарыхый революциялык (“1918-жылы Петроградда”, 1920, “Комиссардын өлүмү, 1928, Третьяков галереясы), портрет, графика жана башка жанрларда да жемиштүү иштеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]