Пигменттүү тактар

Википедия дан

Пигменттүү тактар териде тубаса, ошондой эле организмдеги ар кандай бузулуулардын же сырткы чөйрөнүн таасиринен (күйүктөн, үшүк алуудан) пайда болот.

Ар кандай Пигменттүү тактар бөйрөк үстүндөгү бездердин оорусунда (коло оорусу), организмде никотин кислотасынын, В тобундагы витаминдердин жетишсиздигинен да (пеллагра) келип чыгат.
Пигменттик бузулууларда чекеге, мурунга, ууртка, моюнга түшкөн саргыч күрөң тактардын пайда болуусу ички секреция бездеринин бузулушуна, боор, ичеги-карын ооруларына, аз кандуулукка, мите ооруларына, жетишсиз тамактанууга жана башкаларга байланыштуу.
Көп учурда кош бойлуу аялдарда пайда болуп, төрөгөндөн кийин да кетпей калат. Тамак-ашта А витамининин жетишсиздиги чыканак менен тизеде үстү какачтанып туруучу кургак саргыч күрөң тактар пайда болушуна себеп болушу мүмкүн. Айрым адамдардын териси ультракызгылт-көк нурга абдан сезгич келгендиктен, жазгы көн нурларынан пигменттүү так — сепкил түшөт. Сырткы чөйрөнүн таасиринен болгон Пигменттүү тактар бара-бара жоголуп кетүүсү мүмкүн.

Пигменттүү тактарды дарылоо косметологиялык мекемелерде жүргүзүлөт.
үй шартында тактын өңүн өчүрүү үчүн териге айран, эки — үч күн туруп калган кефир же суутектин өтө кычкылынын 3%түү эритмесин, жайында бадыраңдын, карагаттын ширесин сүртсө болот. Пигменттүү тактарды агартуу үчүн атайын бет майлар (к. Косметикалык каражаттар, Терини күтүү) пайдаланылат.

үй шартында агартуучу каражаттарды өзүңүздөр даярдап алсаңыздар болот. Ал үчүн бир аш кашыктан лимондун маңызы менен тамак-аш уксусуна 2 чай кашык суу кошуп аралаштырат. Мындай аралашма менен бетти күн сайын сүртүү керек. Эгер тери кургак болсо, аралашмага 1 чай кашык өсүмдүк майын кошуп коюу сунуш кылынат, Терини лимон, бадыраң, кефир, айран менен сүртүп, андан соң жуунуп же лосьон менен тазалап туруп упа сыйпоо керек.
Пигменттүү тактарды таптакыр жок кылууга мүмкүн болбогон учурлар кездешет, бирок агартуучу каражаттарды бир жарым же эки ай үзбөй колдонсо, сөзсүз натыйжа берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8