Вильгельм Пик

Википедия дан
Пик Вильгельм‎»‎ барагынан багытталды)

Пик Вильгельм (3. 1. 1876, Губен — 7. 9. 1960, Берлин) — Германия жана эл аралык жумушчу кыймылынын ишмери.

  • ГДРдин мамл. жанa парт, ишмери. Жумушчу үй-бүлөдөн.
  • 1895- жылдан Германия с.-д. партиясынын (ГСДП) мүчөсү.
  • 1906—10-ж. ГСДПпин Бремен шаардык уюмунун секретары. ГСДПнин К. Либкнехт, Р. Люк­сембург, К. Цеткин жетектеген солчул тобуна ыктап, алар менен тыгыз байланышта болгон.
  • Биринчи дүйн. согушта (1914—18) ГСДП оңчулдарынын шовинисттик саясатын сынга алган.
  • 1918-ж. борб. жетекчи «Спар­так союзунун» составына кирген.
  • Герм, жумушчу табын Окт. ревалюцияясынын тажрыйбасын пайдаланууга чакырган.
  • Германиядагы Ноябрь революциясына (1918) активдүү катышкан.
  • Пик — Германия коммунисттик партиясын (ГКП) негиздөөчүлөрдүн бири. Ал Э. Тельман жетектеген маркстик-лениндик ядрого кирип, оңчул оппортунисттерге карты күрөшкөн. 1935-ж. ГКП БКнын пред-ли.
  • Экинчи дүйн. согушта (1939—45) герман империализминин дүйн. бийликке умтулгандыгын ашкерелеп, диктатураны кулатууга чакыр­ган. Германиянын социалисттик бирдиктүү партиясы (ГСБП) түзүлгөн соң 1946—54-ж. анын пред-ли.
  • 1949- жылдан ГДРдин президенти.
  • Ал тынчтык, элдердин коопсуздугу жана ГДРде социализмди куруу үчүн активдүү күрөшкөн.
  • «Мекен алдындагы эмгеги үчүн», Карл Маркс, «Эмгек Туусу» ж. б. ордендер менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.