Пинега
Көрүнүш
| Пинега | |
| | |
| Мүнөздөмө | |
|---|---|
| Узундугу |
779 км |
| Бассейндин аянты |
42 600 км² |
| Суу чыгымы |
412 м³/с |
| Суу агымы | |
| · Координаттары | |
| Аягы |
Түндүк Двина |
| · Координаттары | |
| Жайгашкан орду | |
| Өлкө | |
| ОМСР | |
Пинега – Россия Федерациясындагы дарыя. Архангел облусунун аймагында, Түндүк Двинанын оң куймасы. Узундугу 779 км, алабынын аянты 42,6 миң км2. Көп бөлүгү кенен өрөөн аркылуу агат; төмөнкү агымында Кулой дарыясына жакындаган жеринде аны менен канал аркылуу туташат. Орточо чыгымы 412 м3/сек. Октябрдын 2-жарымынан майдын 1-жарымына чейин тоңот. Чатынан 658 кмге чейин кеме жүрөт. Сал агызылат. Оң жээгинде Пинега коругу уюштурулган. Ак деңиз-Кулой платосунун карсттык ландшафт, Орус түздүгүнүн тайга токою, Сибирь кызыл карагайынын массивдери (корабель токою) коргоого алынган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9