Мазмунга өтүү

Пинендер

Википедия — ачык энциклопедия

Пинендер (латын тилинен   Pinus – мырза карагай) С 10Н16, мол. масс. 136,23, бициклдүү терпендер. Кош байланыштын жайгашуусу менен айырмаланган 3 изомери белгилүү: a - пинен (2,6,6-триметил-бицикло-[1,1,3]-гептен-2) (I); b -пинен, же нопинен (6,6-диметил-2-метилен-бицикло—[1,1,3]-гептан) (II) жана d -пинен (2,6,6-триметил- бицикло-[1,1,3] -гептен-3) (III).

Бардык П. өзүнө мүнөздүү жагымдуу жыты бар (карагай жыттуу), түссүз суюктуктар; уюлсуз органикалык  эриткичтерде жакшы эрийт, сууда эрибейт. Абада, өзгөчө жарыкта сары илээшкек майга айланып тез окистенеишет (аларды караңгы жерде эритип жабылган айнек идиштерде сакталат). 

П. - реакцияга жөндөмдүү заттар. 300оС жогорку температурада ысытса аллооцименге (1,6-диметилоктатриен-2,4,6), b-П. мирценге (2-метил-6-метилен-октадиен 2,7) изомерленет. a- Ж-а b-П. 250-300оС чейин ысытуудан дипентен алынат. 700оС бардык П. изопренди жана ароматтык углеводородду, ал эми П. гидрогенизациялаганда пинанды пайда кылышат. H2SO4, H3PO4, P2O5, TiO2, BF3 активдүү чопонун жана башка таасири алдында П. полимерленишет. Суюлтулган органикалык  жана минералдык к-талар таасири менен a- жана b-П-дер дипентен, терпинолен, терпинен, терпинеол, терпингидратты пайда кылышат. Нымдуу HCl таасири менен a- жана b- П-ден дипентен дигидрохлоридин, ал эми кургак HCl таасири менен борнил гидрохлорид жана фенхилгидрохлорид алынат. КMnO4 жана Н2О аралашмасынын таасири менен a-П. пинон, норпинон к-таларын, b-П. нопин кислотасын пайда кылат. a- П. жаратылышта эң кеңири таралган терпендердин бири. Эфир майынын, скипидар курамында кездешет. b-П-дин негизги булагы – кадимки карагай скипидары. П. практикада кеңири таралган: лак жана сырлар эриткичтери катары, камфораны, терпинеол, терпингидрат, флотациялык майлар, эки негиздүү к-таларын, инсектициддер, хлортен, хлортен-2-ни, полихлорпинен, n-цимол, камфен, аллооцименди алуучу сырьё. b-П. мирцен жана анын туундуларын алууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]