Пиночет Аугусто
Пиночет Аугусто (испанча Augusto José Ramón Pinochet Ugarte; 25. 11. 1915, Чили, Вальпараисо – 10. 12. 2006, Чили, Сантьяго) – Чилинин мамлекеттик жана аскер ишмери. Аскердик хунтанын башчысы (1773–74), президент жана куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы (1974–90). 1937-ж. Жөө аскер окуу жайын, 1951-ж. Жогорку Аскер академиясын бүтүргөн. 1956- 9-жылдары Эквадордун аскер академиясын түзүшүүгө Кито шаарына жиберилген. 1959–71-жылдары Чилиге кайтып келип, Аскер академиянын начальнигинин орун басары болуп иштеп, генерал наамын алган. 1971-72-жылдары Сантьяго гарнизонунун командачысы, 1972–73-жылдары ички иштер министринин орун басары, аскер күчтөрүнүн командачысынын милдетин аткаруучу, 1973-ж. ички иштер министри болуп иштеген. 1973-ж. 11-сентябрда Чилиде болгон аскердик төңкөрүштө, Сальвадор Альенде башында турган Элдик биримдик өкмөтү жоюлуп, бийлик Пиночет жетектеген Аскердик хунтага өткөн. 1974–90-жылдары Чилинин президенти жана куралдуу күчтөрүнүн командачысы. Пиночеттин мезгилинде диктаторлук режим түзүлгөн. Аскер трибуналдары, жашыруун кыйноо борборлору жана саясий камакта отургандарга концлагерлер уюштурулган. Жарандык соттор жоюлган. Пиночеттин диктаторлук режимине катуу каршылык көрсөткөн адамдар жок кылынган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9