Писарев Дмитрий Иванович

Википедия дан
Писарев, Дмитрий Иванович‎»‎ барагынан багытталды)
Дмитрий Писарев

Писарев Дмитрий Иванович (2(14). 10. 1840, Знаменьский кыш., азыркы Липецкий обл. -4(16). 7. 1868, Дуббельн, азыркы Латыш ССРиндеги Юрмала шаарынын бир бөлүгү, Петербургга коюлган) — орус публицисти жана адабият сынчысы, материалист философ, революциячыл демократ. Дворян үй-бүлөдөн.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Петербург университетин бүткөн (1861). 1859-1866-ж. журналдарда иштеген. Самодержавиени кулатууга үндөгөн легалсыз макаласы үчүн 1862-66-ж. түрмөдө жаткан. Эмгектеринин далайын ошондо жазган. «19кылым схоластикасы» (1861) аттуу тунгуч эмгегинде эле эмгекчилерге жан тарткан ойлор айткан. Өлкөдө революциянын күчөшү, революциячыл демократиялык лагерь менен жакындашы Писаревдин саясий аң-сезимин кыйла өйдөлөткөн. Социализм маселелери Писаревдин «Эмгек тарыхынын очерки» (1863), «Көрөбүз!» (1865), «Генрих Гейне» (1867) деген макалаларында иштелет. Писарев 60-жылдардагы кырдаалга Караганда революция жасаш мүмкүн эмес деп эсептеп, коомду кайра куруу ишинде илимге негизги роль таандык деген. Мунусу Писаревдин революциячыл демократиялык жолдон четтешине алып келген («Эски мырзачылык», 1868). Ошондой болсо да Писарев «жумушчу маселеси» революциячыл жол менен радикалча чечилет деген ишенимде жүргөн («Тарыхый эскиздер» (1864), «Мектеп жана турмуш» (1865), «Француз дыйканы 1789-жылы» (1868) деген макалалар, идеализмди жаш динди катуу сындап, табият илимдерин, дарвинизмди пропагандалаган. Адабий чыгармачылыгынын башталышында асылдыктын объективдүү мацызын тааныган эмес, искусстводогу мазмундун мааниси менен коомдук маселелердин ролун кийинчерээк гана жактай баштаган. Тургеневдин, Гончаровдун, Писемскийлердин романдарын жогору баалаган. Бирок бир кезде агартуучулук ишке ашкере коңүл оодарып жибергенинен Писаревдин искусство элдин билим алышына кедерги болот деп, Белинскийдин эстет, көз караштарына каршы чыккан жерлери да бар. Анткен менен Писаревдин адабият сыны боюнча эмгектери - учурдун маанилүү коомдук маселелерин курч коё билген жалындуу революциячыл публицистиканын мыкты үлгүлөрүнөн. Адабий чыгармачылыгынын башталышында асылдыктын объективдүү маңызын тааныган эмес, искусстводогу мазмундун мааниси менен коомдук маселелердин ролун кийинчерээк гана жактай баштаган. Тургеневдин, Гончаровдун, Писемскийлердин романдарын жогору баалаган. Бирок бир кезде агартуучулук ишке ашкере көнүл оодарып жибергенинен Писаревдин искусство элдин билим алышына кедерги болот деп, Белинскиңдин эстетикалык көз караштарына каршы чыккан жерлери да бар. Анткен менен Писаревдин адабият сыны боюнча эмгектери учурдун маанилүү коомдук маселелерин курч коё билген жалындуу революциячыл публицистиканын мыкты үлгүлөрүнөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.
  • Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4