Мазмунга өтүү

Питомник (Кара-Суу району)

Википедия — ачык энциклопедия
Отурукташкан жай
Питомник(Бирлик)
ӨлкөКыргызстан
Координаттар40°39′54″ с. ш. 72°55′57″ в. д.HGЯO
БашчысыДубанаев Шайназар
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү1960-жылдар
Убакыт аралыгыUTC+6
Калкы
Расмий тиликыргыз тили
Калкы1 486 [1] адам (2009)
Улуттук курамыкыргыздар, өзбектер, тажиктер, уйгурлар, орустар
Диний курамымусулмандар
Этнохоронимпитомниктик, питомниктиктер
Сандык идентификаторлор
Питомник (Кара-Суу району) (Кыргызстан)

Питомник (кырг. Питомник) — Кыргыз Республикасынын Ош облусун Кара-Суу районундагы айыл. Жоош айыл округу курамына кирет.

Калкы - 1 486 киши. Көпчүлүгү кыргыздар, андан сырткары өзбектер, тажиктер, татарлар, уйгурлар жана бир нече түтүн кыргыздашкан орустар жашайт. [1]

Кеңеш(Совет) дооруна чейин бул жерлерде кыргыздын көчмөн жана жарым көчмөн жылкелди уругу жашаган. Алар кышында ушул айылдын аймагында кышташып, жайкысын Алайдын тоолорунда жайлашкан. Кээ бирөөлөрү биротоло отурукташып дыйканчылык менен алектенишкен. Учурда Питомник айылында кыргыздын баргы уруусуна кирген тооке, бакал уруктары, жору, кыпчак(жарты баш уругу), мундуз, каңды(Канглы) уруулары, Муңгуш уруулук бирикмесине кирген кодогочун, жылкелди уруктары, бир нече үй бүлө бугу уруусунун өкүлдөрү, өзбектин кушчу уруусунун өкүлдөрү ж.б. жашайт.

(Бул маалыматтар ушул айылдын биринчи мугалими 80 жаштагы Кожоев Жантемир аксакалдын айтуусунда жазылды.)

  1. 1 2 2009 Population and Housing Census (орусча). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.