Пишпекский листок

Википедия дан

«ПИШПЕКСКИЙ ЛИСТОК» – Кыргызстандагы советтик тунгуч гезит. Пишпек уезддик эл депутаттар советинин органы. 1918-жылы 9-мартта орус тилинде чыга баштаган. Тиражы 200–500 нуска болгон. 1919-жылы «Красное Знамя труда», 1920-жылы «Красное Знамя», 1922-жылы «Красное утро» деген ат менен чыккан. 1923-жылы жабылган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.