Мазмунга өтүү

Пия Вурцбах

Википедия — ачык энциклопедия
Пия Вурцбах
себ. Pia Wurtzbach
Туулган датасы:

24 -сентябрь 1989(1989-09-24) (36 жаш)

Туулган жери:

Штутгарт, Германия

Жарандыгы:

 Филиппиндер

Кесиби:

актриса, модель, жазуучу

Сыйлыктары:

Аалам сулуусу 2015

IMDb:

ID 1382936

Пия Алонсо Вурцбах (себ. Pia Alonzo Wurtzbach) — Филиппиндик актриса, телеалып баруучу жана модель. 2015-жылы Binibining Pilipinas сулуулар сынагында «Мисс Филиппин 2015» наамын жеңип, ошол эле жылы «Аалам сулуусу 2015» таажысын алган.

«Аалам сулуусу». Солдон оңго: Глория Диас, Маргарита Моран жана Пия Вурцбах

Пия Вурцбах 1989-жылдын 24-сентябрында Германиянын Штутгарт шаарында төрөлгөн. Атасы немец, апасы филиппиндик. Ата-энеси 11 жашка чыкканда ажырашып кеткендигине байланыштуу, балалыгы филиппинде өткөн. Англис, себуан, тагал жана бир аз немис тилдерин билет.

Кино дүйнөсүнө төрт жашында Пия Ромеро деген ысым менен кирген. 2013-жылдан тартып үч жыл катары менен Binibining Pilipinas сулуулар сынагына катышып, 2015-жылы «Мисс Филиппин» наамын жеңип алган. Улуттук сынактын жеңүүчүсү катары «Аалам сулуусу 2015» эл аралык сулуулар сынагына катышып, 2015-жылдын 20-декабрында аалам сулуусу деп табылган.

2017-жылы бойдок жана баласыз калууга ниеттенгенин Твиттердеги баркчасына жазып калтырган[1]. Бирок, 2020-жылдын июнь айында Пия Вурцбах шотландиялык ишкер Жереми Жаунси менен мамиледе экенин жарыялаган[2]. Эки жыл өткөндөн кийин, жубайлардын баш кошуу ниети бар экенин айтышкан[3][2]. 2023-жылдын 24-мартында алардын үйлөнүү той аземи Сейшел аралдарынын Түндүк аралында болуп[4], бирок бир жарым айдан кийин, 5-майда коомчулукка жарыяланган[5][6].

  1. G. M. A.News Pia Wurtzbach dismisses rumors she’s looking to settle down after Miss U reign (англ.) (5 January 2017). Текшерилген күнү 1 -декабрь (бештин айы) 2025.
  2. 1 2 Pia Wurtzbach confirms dating Jeremy Jauncey (англ.) (2 June 2020). Текшерилген күнү 1 -декабрь (бештин айы) 2025.
  3. JaneKingsu-Cheng LOOK: Pia Wurtzbach, Jeremy Jauncey are engaged! (англ.) (6 May 2022). Текшерилген күнү 1 -декабрь (бештин айы) 2025.
  4. Metro.StyleTeam Scenes From Pia Wurtzbach and Jeremy Jauncey's Beach Wedding | ABS-CBN Lifestyle (en-US). Текшерилген күнү 1 -декабрь (бештин айы) 2025.
  5. JaneKingsu-Cheng LOOK: Pia Wurtzbach, Jeremy Jauncey already got married! (англ.) (5 May 2023). Текшерилген күнү 1 -декабрь (бештин айы) 2025.
  6. GMA IntegratedNews Did Pia Wurtzbach and Jeremy Jauncey get married already? (англ.) (5 May 2023). Текшерилген күнү 1 -декабрь (бештин айы) 2025.