Плазманын квазибейтараптуулугу
Көрүнүш
Плазманын квазибейтараптуулугу – курамындагы оң иондордун тыгыздыктары так барабар болгон плазманын эң маанилүү касиеттеринин бири.
Бул учурда электрон менен иондордун мейкиндик заряддары бири бирин компенсациялайт, ошондуктан теңсалмактуу плазманын ичинде толук талаа нөлгө барабар. Эгерде плазма ээлеген аймактын сызыктуу өлчөмдөрү Дебайдын экрандоо радиусунан D өтө чоң болсо, анда Плазманын квазибейтараптуулугу орун алат. Ылдам электрондор жылуулук кыймылынын эсебинен D аралыгына учуп чыгышы мүмкүн болгон плазманын чегине жакын Плазманын квазибейтараптуулугу бузулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0