Мазмунга өтүү

Плазма фокусу

Википедия — ачык энциклопедия

Плазма фокусу – нейтрондордун жана нурлануунун топтолгон булагы болгон жогорку температуралуу дейтерий плазмасынын туруксуз тыгыз коюулануусу.

Плазма фокусу газ-разрядынын камерасынын Z огунда – пинч цилиндрлүү эмес кысылуусу токтун токтошунан пайда болот. Пинч – эффектиде плазма мамычасынын түзүлүшү, ысышы жана жылуулуктан бөлүнүшү токтун плазма аркылуу алынышынын жана анын өздүк магнит талаасынын эсебинен болот. Плазма фокусунун зонасында болуучу физикалык процесс-тер татаал жана ар түрдүү. Плазма фокусунун орнотмолору бир катар илимий техникалык маселелерди, мис., башкарылуучу термоядролук синтез үчүн материал таануу жана бланкет сыноолорун; аз убакытка жашоочу изотоптордун импульстуу активдүү анализин; нейтрон терапиясын; лазер чөйрөсүндөгү шыкоону; жогорку тартиптеги иондордун физикасын үйрөнүүнү, плазма менен кубаттуу нурлардын өз ара аракеттешүүсүн ж. б. чечүүдө нейтрондор менен нурлантуунун булагы катары плазма изилдөөлөрүндө колдонулат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]