Мазмунга өтүү

Плантагенеттер династиясы

Википедия — ачык энциклопедия

Плантагенеттер династиясы, Анжуй династиясы – 1154-1399-жылдары бийлик жүргүзгөн англиялык королдук династия. Негиздөөчүсү – Анжуй графы Генрих II. Генрих IIнин атасы – Анжуй Жоффруа Сулуу графтын атынан аталган династия. 13-кылымдын башына чейин Генрих Пнин жана анын мураскерлеринин кол алдында Англия менен Франциянын жерлери болгон Плантагенеттер династиясынын өкүлдөрү: Генрих II (1154–89), Ричард I Арстан жүрөк (1189–99), Иоанн (Жери жок, 1199–1216), Генрих III (1216–72), Эдуард I (1272–1307), Эдуард II (1307–27), Эдуард III (1327–77), Ричард II (1377–99). Ричард II тактан кеткенден кийин Плантагенеттердин башка бутактарынын өкүлдөрү - Ланкастерлер (1399–1461) жана Йорктор (1461–85) такка отурушкан.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]