Платформа (геологияда)

Википедия дан

Платформа (геологияда) – континенттик кыртыштын салыштырмалуу тынч абалда турган ири бөлүгү (аянты бир нече млн км2ге жетет); жер кыртышынын геосинклиналга карама-кар шы турган негизги структурасы. Анда тектоникалык кыймыл өтө жай жүрүп, магма процесстери жокко эсе, ошондуктан түздүктүү рельеф баеымдуу. Калыңдыгы дээрлик бирдей (35-45 км). Платформа жөнүндө түшүнүк алгач 19-20-кылымдарда пайда болгон (А. П. Карпинский, Э. Зюсс, Э. Ог). Терминди алгач Э. Зюсс эмгегинде (1901) колдонгон. Бул илимди өнүктүрүүгө А. П. Карпинский, А. П. Павлов, Н. С. Шатский, А. Д. Яншин, A. А. Богданов ж. б. чоң салым кошушкан. Платформа 2 кабаттуу түзүлүшкө ээ. Мурда пайда болгон астынкы кабаты фундамент деп аталып, бүктөлүүгө, метаморфизмге жана граниттешүүгө дуушарланган байыркы тектерден турат. Платформанын жабуусу (чехол) деп аталган үстүнкү кабаты метаморфизмделбеген чөкмө тектерден түзүлөт. Фундаменти жер бетине чыгып калган аймагы калкан (щит), жабуусу (калындыгы 3-5 кмге жетет) бар жери плита деп аталат. Платформанын структуралык элементтерине, ошондой эле капталдары жантайынкы келген антеклиза (фундаменти жана жабуусу көтөрүнкү жери) жана синеклиза (фундаменти жана жабуусу төмөн ийилип жаткан жери) кирет. Платформанын маанилүү структуралык элементтеринин бири - авлакоген. Майда структуралары – чакан көтөрүлүүлөрдүн тизмегинен түзүлүп, узундугу 200-300 кмге чейин созулган жалдар. Фундамент кембрийге чейинки тоо тектерден турса, байыркы Платформа, андан кийинки (палеозой) тоо тектерден турса, жаш Платформа деп аталат. Байыркы Платформалар: Чыгыш Европа, Сибирь, Түндүк Америка, Кытай–Корей, Түштүк Кытай, Индстан, Африка, Австралия жана Антарктика. Бул Платформалар азыркы материктердин ядросун түзөт; жаш Платформалар: Батыш Сибирь, Түндүк Казакстан, Туран ойдуңдары, Кавказ өндүрү, Батыш Европа ж. б. Эгерде Платформада тектоникалык кыймыл активдешсе, эпиплатформалык (кайра жаралган) тоолор көтөрүлөт, мисалы, Теңир-Тоо.

Континенттик Платформалар сыяктуу эле океандык кыртышта да Платформалар кездешип, алар океандык Платформа же талассократон деп аталышат. Алар материктик Платформадан гранит-гнейс катмарынын жоктугу жана жукалыгы менен айырмаланып турат.

Дагы караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]