Мазмунга өтүү

Платформинг

Википедия — ачык энциклопедия

Платформинг — нефтини буулан-туудан алынган бензин жана лигроинди катализатор катышуусунда кайра иштетүү менен ароматтык углеводород жана автобензин жогорку октандуу компоненттерин алуу. Бензин октан-дык санын чоңойтуш үчүн буулантуу менен алынган бензинден 80-180°С кайноочу фракциясын бөлүп алып, 50 атм. басым алдында, 480-520°С температурада ысытат. Алгачкы заттан бензиндин алынышы 80-85% түзөт. Бензин курамынын 60% ароматтык углеводород түзүп, октандык саны 98 чейин жетет. Ароматтык углеводородду алуу үчүн алгачкы зат бензол үчүн 60-85°С, толуол үчүн 85-105°С, ксилол үчүн 105-140°С кайноочу фракцияларын бөлүп алып, суутек менен аралаштырып, 15-30 атм. басым аралыгында 480°С 520°С чейин ысытат. Бензол алынышы 25%, толуолдуку 30%, ксилолдуку 20% түзөт. Темп-ра 480°С болгондо аромат-тык углеводороддор, нафтен углеводородунун дегидрирленүүсүнөн жана циклопентан углеводородунун дигидроизомеризация-ланышынан, ал эми 520°С чейин жогорулатылганда, парафин углеводороддун дегидрирлөө менен циклге өтүшүнөн алынат. П. колдонуу менен азыркы учурда химимялык  өнөр жайда жетиштүү өлчөмдө ароматгык углеводород менен камсыз кылуу чечилип калды.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]