Пленум

Википедия дан

Пленум (лат . plenum – толук) – кандайдыр бир уюмдун шайлануучу жетекчи орган мүчөлөрүнүн же жогорку соттордун толук курамындагы чогулушу. Мисалы, КР Жогорку сотунун П. сот тажырыйбасын иликтөө жана жалпылоо материалдарын карайт жана сот тажырыйбасынын маселелери боюнча төмөн турган соттор аткарууга милдеттүү болгон жетектөөчү түшүндүрмөлөрдү берет; жергиликтүү соттордун КР мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын колдонуусу боюнча материалдарды карайт ж. б. КР Жогорку сотунун П. КР Жогорку сотунун төрагасы тарабынан зарылчылыкка жараша, бирок жылына кеминде 2 жолу чакырылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]