Пневматолиз кендери

Википедия дан

Пневматолиз кендери – Жердин терең катмарында сууй баштаган магмадан бөлүнгөн минералдашкан ысык буу менен газдын пневматолиздешүү процессинен пайда болот. Мында грейзен, жогорку температурадагы гидротерм эриндисинен пайда болгон альбитит жана метасоматоз процессинен өзгөргөн пегматит кендери кездешет. Бул кендер көбүнчө тарам, шток, уя, туура эмес формада болуп, өлчөмү бир нече кмге чейин созулат. Пневматолиз кендерине курамында учуучу компоненттер (Н20, F, В) бар минералды пайда кылуучу метасоматизм процесси мүнөздүү. Негизги минералдары: кварц, топаз, слюда (көбүнчө мусковит), альбит, турмалин, флюорит жана анын курамындагы түстүү жана сейрек элементтер (W, Sn, Be, Li). Пневматолиз кендери гранит интузиясы өнүккөн аймактарда кеңири таралган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]