Подрезов Олег Андреевич
Подрезов Олег Андреевич (25. 2. 1936-жылы туулган, Россия Федерациясы, Краснодар крайы, Тихореск шаары) – география илимдеринин доктору (1978), профессор (1981), физика-матемитика илимдеринин кандидаты (1967). Томск мамлекеттик университетин (1959), Казак улуттук университетинин (азыркы Аль-Фараби атындагы) аспирантурасын (1963–65) бүткөн. 1959–61-жылдары ошол эле университетте ассистент, окутуучу, 1961–63-жылдары Кыргыз ССР Гидрометеорология кызматы башкармалагында ага инженер, 1963–80-жылдары Кыргыз энергетика илимий изилдөө институтунун колдонмо геофизикалык изилдөөлөр лабор-сында улук илимий кызматкер, башчы, 1980–94-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинде кафедра башчысы, 1994-жылдан Кыргыз Россия Славян Университетинде (КРСУ) кафедра башчысы. КРСУнун астындагы кандидаттык диссертация жактоо боюнча кеңештин төрагасы. Too метеорологиясы жана климатология боюнча 150дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде10 монографиянын автору. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган. Эмг.: Опасные скорости ветра и гололедные отложения в горных районах. Б., 1990; Горная метеорология и климатология (конспект лекций). Б., 2000; Методы статистической обработки и анализа гидрометеорологических наблюдений. Б., 2003; Физическая метеорология (авторлош). Б., 2009.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9