Позиция

Википедия дан

Позиция (латынча position – абал) – 1) жаалуу тартма музыкалык аспаптарды ойногондо сол кол менен музыкалык аспаптын мойнун, манжалары менен кылдарды басканда бир орундан жылдырбай тийиштүү добуштарды катары менен алуу абалы. Позициянын турган орду кылды баскан биринчи манжанын аралыгы менен аныкталат. Ал аралыктын өзгөрүшүнө жараша моюндагы колдун кыймылы тондор боюнча Позицияларга бөлүнөт; 2) балеттеги бал бийиндеги кол жана бут кыймылдарынын негизги абалы. П-ны окуу, иликтөө балет мектептеринде жүргүзүлөт; 3) фортепьянодогу ноталар тобунун манжаларды өзгөртпөй туруп алынышы; 4) бир нерсеге болгон көз караш, мамиле; бул мамилелер шарттаган аракет, жүрүм-турум.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]