Пойнтинг вектору
Көрүнүш
Пойнтинг вектору – электр-магниттик энергия агымынын тыгыздык вектору. Англис физиги Ж. Г. Пойнтинг аныктаган. Пойнтинг векторунун модулу электр-магниттик энергиянын таралуу багытына перпендикуляр болгон тегиздиктин бирдик аянты аркылуу бирдик убакыт ичинде ташылып өткөн энергиянын чоңдугуна барабар. Бирдиктердин абсолюттук (Гаусс) системасында төмөнкүдөй аныкталат: П = —[E'Jj], мында [e h] - электр жана магнит талааларынын чыңалыштарынын вектордук көбөйтүндүсү, с - жарыктын вакуумдагы ылдамдыгы. Пойнтинг вектору СИде П ~ [e h] түрүндө берилет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9