Мазмунга өтүү

Поккельс эффектиси

Википедия — ачык энциклопедия

Поккельс эффектиси – электр талаасына коюлган кристаллда жарыктын сынуу көрсөткүчүнүн талаанын чыңалышына пропорциялаш болуп өзгөрүүчү сызыктуу электр-оптикалык эффект.

Бул эффекттин натыйжасы катары кристаллдарда нурдун эки ирет сынышы пайда болот же анын багыты өзгөрөт. Поккельс эффектиси пьезоэлектриктерде гана байкалат. Поккельс эффектиси жарык шооласынын бурчтук четтөө системасында жана эки өлчөмдүү оптикалык сүрөттөлүштү пайда кылуучу түзүлүштөрдө да колдонулат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]