Ползунов Иван Иванович

Википедия дан

Ползунов Иван Иванович (1728, Екатеринбург, азыркы Свердловск - 16(27). 5. 1766, Барнаул) - жылуулук техникасы боюнча орус адиси, жылуулук кыймылдаткычын ойлоп чыгаруучулардын бири, Россияда биринчи буу установкасын түзүүчү.


  • Аскер үй-бүлөсүнөн. 1742-ж. Екатеринбургдагы биринчи орус тоо-кен завод мектебин бүткөн.
  • 1748-жылдан Барнаулда эритилүүчү металлды каттоо боюнча техник.
  • 1750-ж. унтер-шихтмейстер болуп ингтеген.
  • Барнаул заводунун китепканасынан М. В. Ломоносовдун эмгектери менен таанышып, буу насос установкасынын түзүлүшүн өздөштүргөн.
  • 1763-ж. 1,8 а. к-но (1,3 кет) барабар кубаттуулуктагы буу кыймылдаткычынын долбоорун иштеп чыккан.
  • Ал - өзүнүн техникалык колдонулушу боюнча дүйнөдөгү биринчи универсалдуу кыймылдаткыч.
  • Ползунов эритуучү мештин аба үйлөткүчү үчүн жаңы установканы долбоорлогон.
  • Установка кубаттуулугу боюнча (32 а. к.) ошол кездеги рекордду ээлеген.
  • Ползуновдун ысмы Свердлов тоо-кен металлургиялык техникумуна, Ленинграддагы Казантурбиналык борбордук илимий изилдөө институтуна берилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.