Полимерлердин жылуулукка чыдамдуулугу

Википедия дан

Полимерлердин жылуулукка чыдамдуулугу - полимерлердин жогорку температурада эксплуатациялык касиеттерин сактоосу.

Ал механикалык жүктү көтөргөндө формасып жана химиялык жактан туруктуулугун өзгөртпөөчү температуранын жогорку чеги менен мүнөздөлөт.

Полимерлердин жылуулукка чыдамдуулугунун азайышын физикалык процесстер (айнек сымал полимерлердин жогорку ийилгич абалына өтүшү же кристалл полимерлердин эриши) шарттайт. Каткан (айнек сымал) Полимерлердин жылуулукка чыдамдуулугу алардын катуу температурасы менен, кристаллдык полимерлердики кристалл абалы сакталган температурасы менен аныкталат.

Полимерлердин жылуулукка чыдамдуулугу пластификациялоодон төмөндөйт, ал эми толуктагычтарды кошуудан жогорулайт. Буюмдардын түрлөрүнө жана колдонулушуна карата Полимерлердин жылуулукка чыдамдуулугун аныктоочу ар кандай ыкмалар колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.