Мазмунга өтүү

Полимерлерди катыруу

Википедия — ачык энциклопедия

Полимерлерди катыруу - молекулярдык массасы кичине, реакцияга жөндөмдүү суюк полимерлердин (олигомерлердин) эрибеген, кайра калыбына келбеген катуу полимерлерге айлантуу процесси.

Полимерлер атайын реагенттердин (катыруучулардын) катышуусу менен же реакцияга жөндөмдүү олигомерлердин жылуулук жана ультракызгылат көк нурдун таасиринен өз ара аракеттенишинен катат. Катуу механизми олигомерлердин реакцияга жөндөмдүү тобуна, катыруучулардын түрүнө жана процесстин шартына жараша болот.

Полимерлерди катыруу поликонденсация же полимерлер реакциясы менен да өтөт. Полимерлер синтез жүрүп жатканда же реакция бүтөр менен, ошондой эле полимерлер, поликонденсация реакциялары бүтөр замат бөлмө температурасына чейин муздатуу менен катырылат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.