Полис

Википедия дан

Полис – шаар-мамлекет, коомду социалдык-экономикалык жана саясий уюштуруунун байыркы Грекия менен Италияга мүнөздүү өзгөчө формасы. Полис шаарды жана анын чет жакасын камтыган. Уруулук түзүлүштүн калдыктарына каршы күрөштүн жүрүшүндө пайда болуп, жер ээликтин алгачкы (антикалык) формасы болгон. Полисте анын тең укуктуу жарандары (жер ээлөөгө), ошондой эле кол өнөрчүлүк, соода менен кесип кылган эркин адамдар да жашаган. Полистин мамлекеттик аппараты тең укуктуу эркектер жыйынынан, кеңештен жана магистраттардан (ар кандай шайланма кызматкерлер) турган. Полис олигархиялык (мисалы, Спарта) же демократиялык (мисалы, Афины) болгон. Кул ээлик түзүлүштүн пайда болушу менен Полис мамлекеттин бир формасына айланган. Бирок жеке менчиктин өнүгүшүнөн Полис кризиске учураган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]