Полиэлектролиттер
Полиэлектролиттер – ионогендүү топтору бар полимерлер. Алар поликислоталар, полинегиздер жана полиамфолиттер деп бөлүнөт. П. мисалы болуп мейкиндикте тигилген ион алмашуу чайырлары эсептелет. П. эритмесинде макроиондор, алардын заряддалган топтору бири-бири менен химимялык байланыш аркылуу байланышкан. Карама-каршы иондор эквиваленттик санда болот. П. үчүн макроион заряддалган топтору бири биринен дайыма анча чоң эмес аралыкта жайгашат жана мындай жайгашуу П. эритмелери абалынын өзгөчөлүктөрүн шарттайт. П. макроиону өлчөмү карама-каршы иондун өлчөмүнөн бир канча жогору болот. Поликислоталар жана полинегиздер күчтүү ( рН ар кандай маанисинде иш жүзүндө толугу менен иондошот) жана күчсүз болуп бөлүнөт. Алардын заряды ионогендүү топтор диссоциация константасы жана эритменин pH аркылуу аныкталат. Күчтүү полик-талар мисалы, катары полиэтиленсульфо, полистиролсульфо, жана полифосфор к-тасын, ал эми күчсүз к-та катары полиакрил, полигалактурон, ж.б. карасак болот.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6