Мазмунга өтүү

Поляризациялык приборлор

Википедия — ачык энциклопедия

Поляризациялык приборлор – поляризацияланган оптикалык нурланууну алуучу, талдоочу (анализдөө) жана өзгөртүүчү приборлор.

Поляризацияланган жарыкты пайда кылуучу, өзгөртүүчү жөнөкөй түзүлүштөр – сызыктуу жана айланма поляризаторлор, фазалык пластинкалар, оптикалык компенсаторлор, деполяризаторлор ж. б.

Татаал орнотмолорго жогоркулардан тышкары жарык кабылдагычтар, монохроматорлор, ар кандай электрондук приборлор кирет.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]