Понселе Жан Виктор

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Понселе Жан Виктор француз математиги, механик жана инженер 1788-жылы Францияда туулган.Ошол кездеги даңктуу Политехникалык мектепте окуган.Андан кийин Инженердик аскер академиясын бүтүп, 1811-жылы 20 жашар бала аскер инженери болуп калган. 1812-жылдагы француздар менен орустардын согушунда 26 миң француз туткун болгон.Алардын ичинде Понселе да бар эле.Орусчаны билбегендиктен,өзү менен өзү болуп, эптеп кагаз таап, сыяны колго жасап, өзү жакшы көргөн математиканы китеби жок эле үйрөнө баштаган.Ошол учурда геометриянын проекциялоодо өзгөрбөс функциялардын касиетин үйрөтүүчү бөлүмү болгон проекциялык геометрияны негиздеген.Понселе материалдардын чарчоо касиеттерин изилдөөнү негиздөөчүлөрдүн бири.Петербург ИАсы илимге кошкон эмгегин эске алып 1857-жылы чет элдик корреспондент мүчөсү кылып шайлаган.1867-жылы каза болгон.