Попурри

Википедия дан

Попурри, курама күү (французча pot-pourri – аралашма тамак) – белгилүү элдик ырлардын, бийлердин обонунун, опера, оперетта, балеттик темалардын негизинде жазылган аспаптык пьеса. Попурри ар түрдүү мүнөздөгү обондордун биринен соң бирин алмаштыруудан куралат. Попурри алгач 1771-жылы пайда болуп, 19-кылымда кеңири өнүккөн. Ар кыл аспаптар үчүн жазылып, көбүнчө эстрада жана үйлөмө оркестрде аткарылат. Попурринин эстрада менен циркте аткарылуучу мозаика деп аталган вокалдык түрү да бар. Кыргыз музыкасында аккордеон үчүн попуррилер бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]