Портал:Ботаника/Киришүү

Википедия дан

Ботаника (б. грек тилинен - βοτανικός — өсүмдүккө тиешелүү, βοτάνη — чөп, өсүмдүк) — өсүмдүктөр тууралуу илим. Өзүнө, кеңейтилген түрдөгү маселелерди камтыйт: өсүмдүктүн ички жана сырткы түзүлүшүнүн закон ченемдүүлүгүн (морфология жана анатомия), алардын систематикасын, геологиялык убактагы өнүгүп өсүүсүн (эволюция) жана окшоштуктарын (филогения), учурдагы жана өткөн мезгилдеги Жер шарына таралышынын өзгөчөлүктөрүн (өсүмдүктөрдүн географиясы), айлана чөйрө менен карым катнашын (өсүмдүктөрдүн экологиясы), өсүмдүк катмарлардын түзүлүшүн (фитоценология, же геоботаника), өсүмдүктөрдүн чарбачылыкта колдонулушунун жолдору (ботаникалык ресурстар же экономикалык ботаника).