Портал:Философия

Wikipedia дан
         Болмуш

План: 1. Болмуш жөнүндө жалпы түшүнүк 2. Философиялык окуулардын тарыхындагы болмуш проблемасы 3. Байыркы Индия философиясындагы болмуш проблемасы 4. Антикалык философиядагы болмуш проблемасы 5. Орто кылымдагы философиядагы болмуш проблемасы 6. Жаңы мезгилдин философиясындагы болмуштун моделдери 7. Башка болмуш 8. Болмуштун формалары

9.   Коомдук болмуш 

10. Коомдук аң-сезим

                           Болмуш 
      Болмуш - күнүмдүк жашоодо "болуу", "жашоо", "бар болуу" синонимдер катары кабыл алынат. Бирок философияда алар өзгөчө мааниге ээ жана күнүмдүк жашоодогу сөздөр менен эч кандай жалпылыгы жок. Философияда “болмуш” термини чыныгы, өзгөрүлбөс жана адамдын туруктуу жашоосу жөнүндө ой жүгүрткөн философиянын онтология бөлүмүнүн негизги категориясына айланат.   Болмуш философиялык категория адамдын тажрыйбалык мүмкүнчүлүгүнүн чегинен сырткары жаткан, демек адамдын аң – сезимин, адамзатынан көз каранды эмес жашоо чындыгын түшүндүрөт.                                                                                                                 Болмуш дүйнөнүн философиялык картасынын система түзүүчү принциби катары. 

Болмуш- дүйнөнү жалпылоодон тартып болмуштун кайталангыстыгына чейин кеңири маани берген бирден – бир фундаменталдык түшүнүк. Ушул түшүнүк аркылуу адам баласы өзүнүн бул дүйнөдөгү ордун түшүнүүгө аракет кылат. Болмуштун биринчи көз караштык маселеси жаратылыштын болмушунун бирдигинин заттардын бүтүн болмушу катары түшүнүү менен байланышкан. Экинчи сөз караштык маселе чексиз дүйнөнүн биримдигин түшүнүү. Үчүнчүсү өнүгүүсүнүн ички логикасы бар жана аң- сезимге чейинки бар болгондук маселеси менен байланышкан. Болмушту чечмелөө жана аны аң- сезим менен катнаштыруу маселеси философиялык дүйнө таануунун көңүл чордонунда турат. Болмуштун негизги калыптары: заттык болмуш, идеалдык болмуш, адам болмушу, социалдык болмуш. Болмуш онтологиянын негизги түшүнүгү жана проблемасы катары төмөнкүдөй өңүттөргө ээ:

          Биринчи өңүт. “Болмуш” түшүнүгү “болуу”, “бар болуу”, “жашоо”, “аман болуу”, “турмуш” этиштери менен тыгыз байланышып, бизди курчаган дүйнө менен андагы адамдардын, нерселердин, кубулуштардын бар экендигин, чын эле жашап турганын белгилөө үчүн колдонулган философиялык категория болуп саналат.                                                                                                       Ошондуктан, болмуш проблемасы жашоонун максаты жан маңызы менен тыгыз байланышкан. 
       Биздин иш-аракеттерибиз “эмне үчүн?”, “кандай максатта?” деген суроолор менен коштолгондуктан, болмушту түшүнүүгө болгон далалат ишмердүүлүктүн максаты менен тыгыз байланышкан.            Окуган окуубуз, кылган ишибиз, көңүл ачып, эс алуубуз, техникалык тетикти же искусство чыгармасын ойлоп чыгуубуз биздин жашоону маңызга толтуруп, жасап жаткан иш-аракеттерибизди ырастаган белгилүү бир максатка баш ийдирет.                                                                         Ал тургай өтө бийик максаттар (үй-бүлөнү, Ата-Мекенди, абийирди, 

ар-намысты коргоо ж.б.) менен коштолгон өлүм да коркунучтуу эмес. Тескерисинче, максатсыз жана маани-маңызга каныктырылбаган ишмердүүлүк адам үчүн өтө коркунучтуу жаза болуп эсептелет.

      Эгерде адамдын ар бир кыймыл-аракети максаттуу, пайдалуу, маңыздуу болсо, анда анын бүткүл жашоосу да максаттуу, пайдалуу, маңыздуу болууга тийиш!                                                                                    Адамдын жашоосунун максатын аныктап, анын жашоосуна маани-маңыз ыйгаруу – философиянын негизги суроосу болуп саналат. Бул тууралуу француз философу Альбер Камю мындай деп жазган:
      “Эмгектенип жашоо өмүр сүрүүгө татыйбы же татыбайбы деген пикирге тыянак чыгаруу философиянын негизги маселеси болуп саналат. Калгандарынын баары – дүйнө үч ченемге ээби, акыл-эстин тогуз категориясы барбы, же алардын саны он экиби – андан кийин пайда болушат.                                                                                                        Бул ... проблема жашоо жөн гана биологиялык шартпы, же ал болмушка маани-маңыз берген адамдык баалуулуктардын дүйнөсү болуп саналабы деген суроого жооп талап кылган бүтүндөй жашоо-турмуштун негизги маселеси болуп саналат”.                                                                                                                        
        Адамдардын колу менен жасалган нерселердин (компьютердин, китептин ж.б.) маани-маңызы алардын башка адамдар менен нерселерге карата гана баалуу, же баалуу эмес катары аныкталган сыяктуу эле, айрым адамдын жашоосунун маңызы да адамзатка анын тарыхына карата кандайдыр бир баага арзыганда гана аныкталат.                  Ал эми адамзат менен тарыхтын маңызы болсо курчап турган дүйнө, аалам ж.б. карата белгилүү бир баага арзуусу абзел.
       Ошондуктан, философия, анын ичинде онтология адам тууралуу гана эмес, жалпы эле коом, анын тарыхы, ошондой эле курчап турган табигый чөйрө, аалам ж.б. билимдерден куралат.                                            Мында философияны жаратылыш менен ааламдын өздөрү эмес, алардын адамга, анын максаттары менен баалуулуктарына тийгизген таасири кызыктырат.                                                                                                Ошол себептен болмуш түшүнүгү баардык адамдар менен нерселер дүйнөдөн өз ордун ээлеп, дүйнө менен кошо жашап келген, жашап жатат жана жашай бермекчи деген биздин оптимисттик жана бекем ынанымдарыбызды жаратып келет.
       Эреже катары, мындай өңүттөгү болмуш маселеси дүйнөдөгү туруктуулук менен стабилдүүлүк бошоңдоп, Шекспирдин Гамлетине окшоп “болуу же болбоо” деген суроого жооп берүү зарылдыгы, эртеңки турмуш тууралуу кумөндөр абалдар жаралган жаралган жагдайларда өтө курч коюлат. 

Айтылгандардын негизинде болмуш проблемасы жалпы эле дүйнөнүн жашоо ыкмасынын, максаттары менен маңызынын маселеси болуп саналат; максаттуу дүйнө гана жеке адамдын жашоосун маңызга кандырат деген тыянакка келүүгө болот.

        Экинчи өңүт. “Болмуш” түшүнүгү “реалдуулук” түшүнүгүнүн синоними болуп саналат. “Реалдуулук” (латынчадан realis –чыныгы, нукура) деп жок болмушка, жок нерсеге карама каршы болуп, чындыкта, чын жашаган дүйнөнү аташат.                                           Философиянын тарыхында “реалдуулук” жана “чындык” түшүнүктөрүн өз ара төмөнкүчө айырмалаган көз караштар кездешет: “реалдуулук” – бул нерсенин маңыздуу болмушун гана туюндурса, ал эми “чындык” нерседеги маңыздуу да, маңызсыз да касиеттер менен сапаттардын жыйындысын чагылдырат.
      Демек, болмуш адамдын аң- сезиминен, эркинен, сезимдеринен көз карандысыз чындыгында объективдүү бар болгондукту түшүндүргөн философиялык категория. Болмуш философиялык категория катары адамдын тажрыйбалык мүмкүндүктөрүнөн сырткары, жеке адамдан да, бүтүндөй адамзаттан да көз каранды болбой жашаган реалдуулукту чагылдырат.                                                                                                                 Демек, болмуш деп обьективдүү да, субьективдүү да реалдуулуктардын жыйындысын, дегеле жашоого, бар болууга жөндөмдүү нерселер менен кубулуштардын баарын айтабыз.
       Обьективдүү реалдуулук – бул адамдын аң-сезиминен сырткары, ага көз каранды болбой жашаган материалдуу дүйнөнүн физикалык абалдары (жаратылыш) менен социалдык дүйнө (коом).
       Субьективдүү реалдуулук – бул адамдын психикалык абалы, аң-сезими өңдүү анын ички дүйнөсү.                                                                              
       Үчүнчү өңүт. Бизди курчап турган сырткы дүйнө бирөө эле.  Бирок, ал ар кыл, ар түрдүү, ар башка, ар мүнөздүү көптөгөн нерселерден, процесстерден, кубулуштардан куралган.                                           Жалгыз ааламдын айрым сырткы нерселери менен кубулуштары тынымсыз өнүгүп, өзгөрүп, пайда болуп, калыптанып, эскирип, талкаланып, жок болуп турганы менен дүйнөнүн өзү, анын түпкү маңызы дайыма жашай берет. Демек, көп түрдүү дүйнөнүн жалпылыгы да “болмуш” түшүнүгү менен байланышкан.
        Мындай жалпы негизди белгилөө максатында философтор “субстрат” жана “субстанция” деп аталган эки категорияны сунуш кылышат.
        Субстрат (латынчадан substratum – астына салынган, астына төшөлгөн негиз) – жеке жана жалпы нерселер менен кубулуштардын көп кырдуу жана ар кыл касиетттеринин көптүгүнүн биримдиги.
        Субстанция (латынчадан substantia – маңыз, негиз) – дүйнөнүн негизинде жаткан маңыз, дүйнөнүн пайдубалы же фундаменти. Субстанция эч нерседен көз каранды болбой жашайт да, баардык нерсенин негизинде жатат. 

Илимий философияда мындай негиз болуп материя, ал эми диний философияда Кудай эсептелет. Субстанциянын сапаты же касиети акциденция ( латынчадан aquidentia – сапат, касиет) деп аталат. Акциденция субстанциясыз, өз алдынча жашай албайт. Акциденциянын төмөнкүдөй 2 түрү бар:

      •     Атрибут (грекчеден atribuo – ажырагыс касиет, негизги сапат) – субстанциянын өтө маанилүү акциденциясы болуп саналат. Субстанция өзү дагы атрибутсуз жашай албайт. Мисалы, мамлекетти субстанция деп ала турган болсок, ал желек, герб, гимн сыяктуу саясий атрибутсуз жашай албайт. Материалисттик философияда субстанция болуп материя, ал эми анын атрибуттары болуп мейкиндик, убакыт жана кыймыл эсептелишет.
       •     Модус – субстанциянын өтө маанилүү эмес касиеттери. Субстанция үчүн модустун болушу же болбошу эч мааниге ээ эмес.
        Субтрат жана субстанция менен монузм, дуализм жана плюрализм суроо да байканышкан.
       •     Монизм (грекчеден monos - бир, жалгыз) – дүйнө бир гана башталышка ээ деген философиялык концепция деп аталат. Мындай башталыш болуп материалдуу же рухий субстанция эсептелет. Демек, монизм материалисттик же идеалисттик болушу мүмкүн. Материалисттик монизм идеалдуулукту материалдуулуктан чыгарат.                                                                                                   

Анын бүтүмдөрү табият таануу илимдеринин маалыматтарына негизделген. Идеалисттик монизмге ылайык, материалдуулук бүтүндөй идеалдуулук же рух менен шартталган. Мындай монизм дүйнөнүн рух тарабынан

жаралгандыгын далилдөө проблемасы менен алектенет.
       •     Дуализм (латынчадан dualis – эки жактуу) – материя жана аң-сезим сыяктуу эки багыттын тең укуктуулугун белгилеген философиялык окуу.                                                                         Мисалы, Рене Декарт болмуштун негизинде ойломго (рух) жана көлөмгө ээ сыяктуу тең укуктуу эки субстанция жатат деп божомолдогон.
        •    Плюрализм (латынчадан pluralis - көптүк) бир нече же көп негиздерди болжойт. Анын негизинде болмуштун көп башаттары менен байланыштары жатат.                                                  Дүйнөнүн жер, суу, аба, металл жана дарак сыяктуу беш башталыштан тураарын белгилеген у син (кытайча у – беш жана син башталыш) деп аталган Байыркы Кытайдагы философиялык багыт буга айкын мисал боло алат.
            Болмуштун негизги мүнөздөмөлөрү
       Болмуштун негизги мүнөздөмөлөрү болуп хаос менен ырааттуулук (табиият), гармония (шайма-шайлуулук) менен дисгармония эсептелишет.
       Хаос (грекчеден chaos – грек мифологиясында кийин бүткүл аалам пайда болгон баш аламан масса түрүндөгү дүйнө уюткусу; каймана маанисинде – ыраатсыздык, ирээтсиздик, баш аламандык) – бул болмушту мүмкүн кылган дүйнөнүн ыраатсыз, аморфтуу (грекчеден a – жок, morphe - форма), чен-өлчөмсүз башаты, негизи, потенциясы.
      Ырааттуулук – бул динамикалуу тең салмактын абалында турган ирээттүү түзүлүштөрдүн жашоо ыкмасы. Бул түзүлүштөр ар бириси өз алдынча системача болуп саналган көп сандаган элементтерден куралган система болуп саналат. Бирок, ырааттуулук деструктивдүү (латынчадан destruction – талкалоо, талкалануу) процесстерден улам хаоско айланып кетиши толук ыктымал.
      Гармония (грекчеден harmonia – байланыш, тактык, шайкештик) – органикалык биримдиктин ар кандай бөлүктөрү менен кампоненттеринин өз ара шайкештиги; конкреттүү системанын элементтеринин өз ара аракеттенишүүсү менен алакалашуусунун карама каршы келген жаратылыштын, табияттын ирээттүүлүгү, ырааттуулугу катары түшүнүлгөн.
       Дисгармония (грекчеден dis – кыйынчылыкты, бир нерсенин бузулушун, талкаланышын түшүндүрөт) – уламдан улам күч алган энтропиялык (грекчеден entropia – кубулуу, бурулуу) таасири астында ирээттүүлүктүн, ырааттуулуктун, мыйзам ченемдүүлүктүн баш аламандыкка, хаоско айланып кетиши.
       Коомго карата гармониянын дисгармонияга өтүүсү менен дисгармониянын кайра гармонияга өтүү процесси төмөнкүдөй этаптардан турат:
       •  Кризис (грекчеден krisis – чечим, бурулуш) – деструктивдүү күчтөрдүн топтолушу, баалуулук системасын кайра карап чыгуу, системанын айрым элементтеринин шал болушу, жашоо-турмушка жийиркенич, көңүл калуу мамилесин кылуу менен коштолгон оор жагдай, кескин бурулуш;
         •  Жарылуу – гармониянын акырындап бузулуу процесси эски структуралардын ээ-жаа бербей талкалаган күчтөргө айланат да, адамдын аң-сезиминен тышкары чөйрөдө уктап жаткан агрессиячыл мыйзамсыз аракеттерди пайда кылат.  Жашоо-тиричиликтин экстремалдуу (латынчадан extremus – ашынган, чектен чыккан) шарттары кадыресе көрүнүшкө, нормага айланат;
         •  Хаос – адамдар бири бири менен кагылышып, чыдоо менен чыдамдуулуктун чеги бузулат.                                                            Баарын орду орду менен жайгаштырган рационалдуулуктун (латынчадан ratio – акыл-эс) ордуна алогизм (грекчеден а – жок, logismos – акыл-эстүүлүк) мүнөздөгү иррационализм (латынчадан irrationalis – акыл-эссиздик) келип, жашоо үчүн жан талашуу башталат.
         •  Кайра жаралуу – стабилдештирүү процесстери күч алып, “тартиптин, ирээттүүлүктүн, ырааттуулуктун идеалы” мүнөзүндөгү баалуулуктун жаңы ситемасы орнойт. Адамдар аномалиялуу жандыктардан мыйзамдарга баш ийген атуулдарга айлана баштайт. 
                                                                                                            Философиялык окуулардын тарыхындагы болмуш проблемасы
        Болмуш проблемасы алгачкы жолу Байыркы Грециядагы Элей мектебинин (б.з.ч. VІ-V) өкүлдөрү тарабынан философиялык анализге муктаж маселе катары көтөрүлүп чыккан.                                     Ошондон тартып, бул проблема ар кандай философиялык окуулардын көңүл борбоунан түшпөй келет. Албетте, ар кандай тарыхый доорлордо аны ар башкача чечмелешкендиктен, биз алардын негиздүү дүйнө көрүмдүк тыянактарына кыскача токтолсок.
        Байыркы Индия философиясындагы болмуш проблемасы
       Байыркы Индия философиясында дүйнөнүн биримдүүлүгүнүн идеясы, космологиялык тематика, кубулуштардын себеп-натыйжалык байланыштары жана башка ушул сыяктуу ведалык тематика андан ары өнүктүрүлүп, “Биз кимбиз?”, “Биз кайдан келдик?”, “Биз кайда баратабыз?” ж.б. суроолорго жооп изделип, “болмуш” жана “жок болмуш” маселелери төмөнкүдөй түшүнүктөр менен байланыштырылган:
       •       Брахма – индиялык философияда чыныгы жашоого ээ, түбөлүк жыргалдар менен адилеттикке, чындык менен акыйкатка бөлөнгөн рухий же кудайлар дүйнөсү.                                               Ошондуктан, индустар аны “сат” (жалган дүйнө, чыныгы болмуш) деп аташкан.
         •      Пракрити – оомалуу-төкмөлүү, бүгүн көргөн эртең жок, дайым өзгөрүп жана өнүгүп туруучу, азаптар менен адилетсиздикке жык толгон материалдуу дүйнө.                                                                      Ошол себептен пракрити “асат” (жалган дүйнө) же “майя” (закым) деп аталат.
       •       Сансара – жашоо дөңгөлөгү же төрөлүүлөрдүн чексиз айлампасы. Адам түбөлүктүү Атман же жан (Брахманын бир учкуну) жан дене (пракритиниин бир бөлүгү) сыяктуу эки субстанциядан турат. Дененин өлүшү менен жан башка денеге өтүп, чексиз көчүп жүрөт.
        •       Карма – жазмыштын же тагдырдын мыйзамы. Бул мыйзам боюнча адамдын келечектеги тагдыры же турмушу анын мурдагы жашоосунан көз каранды. Карма адамдарды ар кандай тагдыр буйруу менен жазалайт же сыйлайт.
       •      Ахимса – индия философиясындагы тирүү жандыктардын убалына калбоо же аларды өлтүрбөө менен байланышкан этикалык принцип болот.
        Антикалык философиядагы болмуш проблемасы 
       Болмуш проблемасы алгачкы жолу антикалык грек филосолфтору тарабынан көтөрүлүп  чыкканы баарыбызга маалым. Алардын аталган проблемага карата берген корутундулары төмөнкудөй болгон:
       •    Көзгө көрүнгө, сезим-туюмдар кабыл алган, оомалуу-төкмөлүү, бүгүн көргөн эртең жок, дайым өзгөрүп жана өнүгүп туруучу материалдуу дүйнө чыныгы болмушка ээ эмес.
 Чыныгы болмуш болуп зарылдык, биримдик, ирээттүүлүк, ырааттуулук, гармония, чындык катары сүрөттөлгөн кандайдыр бир маңыздуу абсолют саналат.
       •    Чыныгы болмушту сезимдер менен эмес, жалгыз гана акыл-эс менен таанып билүүгө болот.                                              Рационалдуу абстракция гана абсолюттун  айрым белгилерин чагылдырууга мүмкүндүк бергендиктен, адамдын логикалык жөндөмдүүлүктөрүн ар тараптан колдоого алып, өнүктүрүү зарыл.
         •     Эгер болмуштун маңызын адамдын абстракциялары менен түшүнүктөрүндө “биримдик”, “өзгөрбөстүк”, “бөлүнбөстүк” ж.б. катары сүрөттөө мүмкүн болсо, анда ал адамдын өзүм билемдиги менен байланышкан субьективдүү мүнөзгө ээ болбой, жалпы мазмунга обьективдүү ойлом формалары болуп саналышат.                                                                         

Сезимдик тажрыйбага таянбастан туруп эле, рационалдуу логикалык ойломдун жардамы аркасында чындыкты таанып билүү мүмкүн деген батыш европалык метафизика пайда болгон.

          •  Эгерде чыныгы болмуш бизге көндүм болгон материалдуу болмуштан түп-тамырынан бери өзгөчөлөнсө, анда биздин бул жалгандагы жашообуз түккө турбайт.                      Ошол чыныгы, нукура болмушка жакындатуу максатында бул жалган дүйнөнү улам жакшыртып, өнүктүрүп турушубуз абзел.
    Орто кылымдагы философиядагы болмуш проблемасы
   Антикалык философияга салыштырганда, орто кылымдагы диний философия бир жактуу жана максаттуу мүнөз күткөн. Христианчылыкка негизделген орто кылымдагы европалык философия болмуш прблемасын төмөндөгү принциптердин жардамы аркасында чагылдырылган:
      •  Теоцентризм (грекчеден theos – кудай) бул принципке ылайык христиандык көз караштын башкы идеясы болуп трансценденттик христиандык кудай эсептелет.
            Теоцентризм христиандык көз караштын эң мүнөздүү белгиси катары болмуш тууралуу окуу – онтологияны, адам тууралуу окуу – антропологияны, тааным тууралуу окуу -  гносеологияны жана тарыхый өнүгүү тууралуу окуу – эсхатологияны өз кучагына алат.                                                                          
 Онтология чөйрөсүндө теоцентризмдин маңызы креационизм принциби, антропологияда – антропоцентризм принциби, гносеологияда – ревляционизм принциби, тарыхтын философиясында – провиденциализм жана эсхатологизм принцииптери аркылуу ачылып берилет.
       •   Креационизм (латынчадан creation – жаратуу, жасоо) – бул дүйнөнүн Кудай тарабынан жаратылгандыгы тууралуу окуу. 
        Табият менен таттуу мамиледе болгон жана жаратылыш күчтөрүнө тең маанилеш түшүнүлгөн антикалык кудайлардан айырмаланып, христиан кудайы материалдуу дүйнөдөн сырткары, “тиги дүйнөдө” жашагандыктан, ал трансценденттүү (латынчадан transcendere – тажрыйба дүйнөсүнө сырткары, табияттан бөлөк) Кудай деп аталат.     
 •   Ревеляционизм  (латынчадан revelatio – кудайдын аяны) – бул Кудайды таанып билүү тууралуу окуу. Ревеляционизм принциби Кудайдын трансценденттүүлүгү жана аны таанып билүүнүн мүмкүн эместиги, адамдын өмүрүнүн кыскалыгы жана күнөөлүүлүгү сыяктуу негиздерге таянат.
        Бул принцип боюнча ар бир адам өз күнөөсүнөн арылуу үчүн кандайдыр бир “жашыруун, сырдуу, табышмактуу” күчтүн жашагандыгын билиши зарыл. Бул күч трансценденттүү мүнөздө болгондуктан, адамдар аны акылы менен да, сезими менен да таанып биле алышпайт.
        •   Антропоцентризм   (грекчеден antropos – адам,centrum - борбор) – бул адамдын Кудай жараткан макулуктардын арасында өзгөчө ролун белгилеген христиандык көз караштардын жыйындысы. Христиан дини боюнча Кудай адамды башка макулуктар менен чогуу эмес, башка күнү артыкча кылып жараткан. Ошол себептен адам бул дүйнөдө өзгөчө абалга ээ.
           Жаңы мезгилдин философиясындагы болмуштун моделдери
    Он жетинчи кылым философиялык ойломдун тарыхындагы Кайра жаралуу доорунан кийинки “Жаңы мезгилдин философиясы” деп аталган доор Декарт жана Спиноза өңдүү ойчулдар тарабынан түзүлгөн жаңы метафизиканы сунуш кылат. Бул окуулар болмуш прблемасын субстанция түшүнүгүнүн жардамы аркасында чечүүнү максат кылышкан.
 Субстанция проблемасы монизм.                                  Декарттын дуализми. Француз философу Рене Декарттын чыгармачылыгынын борборунда болмуш тууралуу маселе, ал эми анын онтологиясынын өзөгүндө “субстанция” түшүнүгү турган.
         Субстанция деп Декарт өз алдынча жана эч нерседен көз каранды болбой, дүйнөнүн пайдубалынын негизинде жаткан туруктуу маңызды түшүнгөн. Субстанция деп идеяны да, жеке нерсени да атоого болот. Бирок, өтө терең маанисинде Декарт субстанция деп эч качан жаратылбаган, түбөлүктүү жана чексиз Кудайды түшүнгөн. Кудай баарын жараткан, ал жыргалчылыктар менен Акыйккаттын булагы. Кудай тарабынан жаратылган дүйнөгө карата субстанция түшүнүгү шарттуу түрдө гана колдонууга болот.
    Декарттын дүйнө таанымы механистикалык мүнөз күткөн: ал Кудай тарабынан жаралган дүйнөнү тынымсыз өзгөрүп жана 

өнүгүп туруучу эбегейсиз зор механизм түрүндө элестеткен. Декарт биринчилерден болуп асман жаркырактары менен планеталардан тартып өсүмдүк, жаныбар жана адам сыяктуу тирүү жандыктардын пайда болушун механистикалык негизде түшүндүргөн эволюция тууралуу идеяны сунуш кылган.

      •   Спинозанын монизми. Декарттын окуусундагы таалуу жер болуп анын субстанциясынын статусу эсептелет. Бир жагынан, убакыт жана мейкиндик боюча чексиз жашаган субстанция катарында түшүнүлгөн Кудай гана чыныгы болмушка ээ. Экинчи жагынан, ал тарабынан чексиз жашоо үчүн жаралган субстанциялар Кудай деп аталган биринчи субстанциядан көз каранды. Демек, субстанциялардын статусу бирдей эмеспи?. . . Спиноза Декарттын окуусундагы мындай тушүнүксүз дуализмди чечүү максатында бирдиктүү субстанция тууралуу монисттик окууну түзүүнү максат кылган.
        Спинозанын бирдиктүү субстанция тууралуу окуусу анын “Этика” деп аталган чыгармасынын “Кудай тууралуу” деген аталыштагы биринчи бөлүмүндө чагылдырылган. Философтун пикири боюнча дүйнөдөгү жападан жалгыз субстанция болуп Кудай же жаратылыш гана эсептелет. Анын атрибуттары катары Спиноза ойлом(рух) менен көлөмдү (табиятты) атаган.
         Өз алдынча турганда субстанция белгилүү бир сандагы касиеттерге ээ эмес. Биринчиден, анын чын эле жашап жаткандыгы субстанция идеясынын так жана даана мүнөздөгү табияты менен далилденетБиринчиден, анын чын эле жашап жаткандыгы субстанция идеясынын так жана даана мүнөздөгү табияты менен далилденет. Экинчиден, субстанция өз алдынчалуулук касиетине ээ да, эч нерседен көз каранды эмес. Үчүнчүдөн, субстанция өзүнө гана таандык ички себепке ээ. Субстанциядан сырткары эч нерсе жашабайт. Бизди курчап турган нерсенин баары субстанциянын туундусу болуп саналышат. Төртүнчүдөн, субстанцияга мейкиндик жана убакыт боюнча чексиз жашоосапаты мүнөздүү. Ал убакыттын агымына айдалбай, эч кандай өзгөрүүгө дуушарланбай, мезгилдин үстүндө калкып тургансыйт. Бешинчиден, субстанция түбөлүктүү болуп саналат. Түбөлүктүүлүк кыймылдабай, бир орунда катып калгандай таасир берет да, убакыт боюнча өзгөрбөйт.
       Субстанциянын аталган идея, өз алдынчалуулук, ички себеп, чексиздик, өзгөрбөстүк, түбөлүктүүлүк сыяктуу маңыздуу, универсалдуу, өтө жалпы жана фундаменталдуу касиеттерин Спиноза атрибуттар деп атаган.
                Башка болмуш
           Башка болмуш (орус. Инобытие) (нем. Anderssein – башкадагы болмуш, башкача болмуш, башка формадагы болмуш) –Гегелдин диалектикасы нда карама-каршы формага, жаңы сапаттык абалга өтүп жаткан учурду чагылдырган категория; негизинен идеянын жаратылыштагы сезимдик нерселерге айлануусу менен байланыштуу абсолюттуу идеянын өнүгүшүндөгү белгилүү бир этап катары каралган табиятты түшүндүрүүдө колдонулган.

Башка болмуш категориясы карама-каршылыкка өтүү процессинин статикалык учурунда кирет да, мындай өтүүнү процесстин эмес, убактылуу, өзгөрмөлүү болгон натыйжанын көз карашында мүнөздөйт. Ошол эле учурда башка болмуш категориясында сөз болгон статикалык жана натыйжалык учурлардын Гегель «бар болмуш (орус. “наличное бытие”) – деп атаган мурдагы учур менен болгон байланыш баса көрсөтүлөт: « Башка болмуш...бар болмушка эч тиешеси жок, андан сырткары жашаган нерсе эмес, бар болмуштун моменттеринин бири болуп саналат». Башка болмуш категориясынын мындай өңүтү Гегелдин окуусунда «башка» түшүнүгүнөн түп-тамырынан бери айырмаланган «өздүк башка» түшүнүгү аркылуу чагылдырылган: «өздүк башка» – каалагандай эле нерсеге эмес, «өздүк башка» тануу (четке кагуу) катары суурулуп чыккан белгилүү бир конкреттүү нерсеге карата болгон карама-каршылыкты түшүндүрөт. Диалектикалык материализмде Башка болмуш категориясынын мындай өңүтү диалектикалык тануу (четке кагуу) түшүнүгү аркылуу берилет (Энгельс аны конкреттүү же анык тануу) четке кагуу деп атаган. «Башка болмуш» термини Гегелдин идеалисттик системасында көп мааниге ээ болгондуктан, ал эреже катары, диалектикалык материализмде колдонулбайт. Анткени, жогоруда белгиленгендей, ал Башка болмуш категориясынын ар кандай жактары менен өңүттөрүн мүнөздөөгө «карама каршылык», «сапаттык жаңы абал», «диалектикалык тануу (четке кагуу)» ж. б. категориялары менен алмаштырылган.


Болмуштун формалары

          “Болмуш” түшүнүгү материалисттик да, идеалисттик да, рационалдуу да, иррационалдуу да мазмунга ээ болгонуна карабастан дагы, бир нече конкреттүү формаларга ээ. 

Реалдуулуктун өзгөчө ыкмада жашаган “катмарлары” болгон болмуштун негизги формалары катары төмөнкүлөрдү атоого болот:

1. Жаратылыштын (нерселердин, процесстердин, абалдардын) болмушу – болмуштун бул формасы төмөнкүдөй мүнөздөмөлөргө ээ:

      •   Системалуулук – дүйнө дубалынын “архитектурасын” аны түзүп турган материал эмес, анын системалуу-структуралуу түзүлүшү аныктайт. Системалуу түзүлүш дүйнөнүн көп кырдуулугу менен өзгөргүчтүүлүгүн гана эмес, анын биримдигин, туруктуулугун камсыз кылып турат.
        •   Универсалдуу - табигый болмуштун маанилүү мүнөздөмөсү болуп, анын эволюцияга, же өнүгүүгө, өзгөрүүгө болгон жөндөмү болуп саналат. 

Илимге белгилүү болгон баардык табигый системалар (жандуу да, жансыз да), ал тургай аалам да эволюциянын натыйжасында пайда болушкан. Демек, эволюция феномени тар эмес, өтө эле кеңири, универсалдуу мүнөзгө ээ.

        •    Өз алдынча уюмдашуу – эволюциянын өзү сыяктуу эле анын механизмдери да универсалдуу мүнөзгө ээ болуусу толук ыктымал.
       Бүгүнкү күндө андай механизмдердин негизгиси катары өз алдынча уюмдашууну, б.а. тең салмаксыз ачык ситеманын ыраттуулук менен ирээттүүлүктүн жогору деңгээлине күтүүсүз, капыстан эле өтүүсү каралууда.


          Коомдук болмуш 
              Коомдук болмуш жана коомдук аң-сезим (Общественное бытие и общественное сознание) – марксизмдин социалдык философиясынын өзөктүү категориялары.                                                 Аталган категорияларынын иштелип чыгышы коомдук турмушту жана анын тарыхын материализмдин позициясында түшүнүүгө мүмкүндүк берген. 
          Алардын ортосундагы алака жалпы философиядагы болмуш жана материалисттик философиядагы аң-сезим категорияларынын ортосундагы алакага тең маанилеш.                                                            Коомдук болмуш объективдүү, материалдуу жана аң-сезимге караганда биринчи жана андан көз карандысыз болот.                                                                                            Коомдук аң-сезим идеалдуу, экинчи, болмуштун туундусу жана болмуш аркылуу аныкталат.                                                                               Бирок, коом табият менен ажырагыс биримдикте, ал эми адам табиятка да, коомго да таандык болгондугуна карабастан, Коомдук болмуш табияттын болмушуна тең маанилеш эмес.                                                                              Табияттын болмушунан айырмаланып Коомдук болмуш адамдар тарабынан ишмердүүлүк процессинде түзүлөт жана алардын табиятка, бири-бирине болгон материалдык мамилелеринин жыйындысы болуп саналат.                                                                                                                                     Коомдук болмушту табияттын болмушунан айырмалоо коомдун, коомдук мамилелер менен мыйзам ченемдүүлүктөрдүн, адамдын маңызынын сапаттык спецификасын илимий аныктоо үчүн принципиалдуу мааниге ээ.

2. Коомдук болмуш – болмуштун бул формасы өз кучагына жалпы эле коомдон сырткары, анын курамында кирген жеке адамдын болмушун туюнтат. Кийинки мезгилдерде коомдук болмуш төмөнкүдөй тенденцияларга ээ деген көз караштар кездешет:

       •     технологиялаштыруу (грекчеден Techno – өнөр, чеберчилик, шыктуулук, logos – окуу) – бул тенденция коомдук болмуштун курамындагы адамды табигый чөйрөгө ыңгайлаштыруу менен коомдук турмушту башкарууда техникалык каражаттардын саны күндөн күнгө өсүп жаткандыгын билдирет;
       •    институтташтыруу(латчадан Institutum – мекеме, орнолуш, түзүлүш) – иш-аракеттердин субъектилеринин ролу социалдык институттарга айланып бара жаткандыктан улам, бул тенденция коомдук жашоо-турмуштун уюмдашуусу менен формалдашуусунун деңгээли өсүп жаткандыгын күбөлөйт;  
      •     ааламдаштыруу, же глобалдаштыруу (французчадан global – жалпы, лат. globus - шар) -  дүйнөнүн ар кандай чөлкөмдөрүнүн өз ара көз карандылыгы өсүп, социалдык мейкиндиктин “кысылып”, ал эми коомдук иш-аракеттер аргасыз стандартташып бара жаткандыгын айгинелейт;
     •      виртуалдаштыруу, информациялаштыруу(латынчадан information – айтуу, түшүндүрүү, маалымат берүү) – бул тенденция коомдун жашоо-турмушунда адамдардын активдүүлүгү күн санап ооп      бара жаткан жаңы чөйрөсүнүн пайда болгонун туюнтат.                                                                                     Социалдык реалдуулуктун түзүлүшүн көнүмүш болгон нерселик (чийки зат, энергия ж.б) эмес, информациялык, же маалыматтык ресурстар менен агымдар аныктоого өтүүдө. Белгилер менен маалыматтар чөйрөсүнүн ээ-жаа бербей кеңири коомдогу материалдык эмес компоненттердин үлүшү маанисин көбөйтүү аркылуу социалдык болмуштун структурасын түп-тамырынан бери өзгөртүшү толук ыктымал.                          
       коомдук аң-сезим

20-кылымдын 60–80-жылдарында советтик адабиятта коомдук болмуштун «кеңейтилген түшүнүгү» кеңири жайылтыла баштаган да, ал түшүнүк өз кучагына надстройкалык түзүлүштөрдү, ал тургай кээде коомдук аң-сезимди да камтыган. Коомдук болмуштун мындай жобосу аталган көрүнүштөр коомдо гана жашайт деген пикирге негизделген. Бирок, социалдык реалдуулук жана Коомдук болмуш тең маанилеш түшүнүктөр болуп саналышпайт. Эгерде аларды тең маанилеш түшүнүктөр катары карала турган болсо, анда коомдук болмуш жана коомдук аң-сезим түшүнүктөрү тарыхты материалисттик түшүнүү концепциясындагы, тактап айтканда «адамдардын аң-сезими алардын болмушун аныктабайт, тескерисинче, коомдук болмуш алардын аң-сезимин аныктайт» деген принциптеги аткарган теориялык функциясынан ажырашат. Коомдук болмуш менен коомдук аң-сезимдин айкалышы тууралуу маселенин материалисттик маанайда чечилиши коомдогу себептик ж. б. маңыздуу байланыштарды теориялык түшүндүрүп, коомду социалдык детерминизмдин позициясында анализдөөгө мүмкүндүк берет. Коомдук болмуш менен коомдук аң-сезимдин айкалышуусунун дагы бир маанилүү принциби болуп коомдук аң-сезимдин коомдук болмуштан салыштырмалуу өз алдынчалуулугун таануу саналат. Бул принцип коомдук аң-сезимди коомдук болмуштан туунду катары алынган жөнөкөй жана пассивдүү рефлекс катары орой, вульгардуу түшүнүүнүн алдын алат. Коомдук аң-сезимдин коомдук болмуштан болгон көз карандылыгы татаал жана кыйыр мүнөзгө ээ, ал эми коомдук аң-сезимдин өзү коомдук болмуш менен алака түзгөн жана ага таасир берген активдүү ишкер башат болуп саналат. Коомдук аң-сезим социалдык-философиялык категория катары коомдук болмуш категориясы менен тыгыз байланышкан. Башка жуп категориялар сыяктуу эле алар бири-бирин аныктайт жана бири бирисиз жашай албайт. Коомдук аң-сезим коомдук болмуш менен шартталган социалдык реалдуулукту чагылдырган коомдун рухий турмушу (саясий, укук, этикалык ж. б. теориялар, көз караштар, идеялар; философия, мораль, дин ж. б. аң-сезим формалары) болуп эсептелет. Коомдук аң-сезим жеке аң-сезим менен тыгыз байланышкан, жеке аң-сезим аркылуу аныкталат жана ошол эле учурда андан маңыздуу айырмаланат. Аң-сезимдин мындай абалдары жалпы жана жеке түшүнүктөрүнө дал келет. Алардын ортосундагы айырмачылык коомдук негиз жана социалдык чөйрө менен шартталган. Эгер коомдук аң-сезим үчүн мындай чөйрө болуп коомдук болмуш гана эсептелсе, анда жеке аң-сезим коомдук болмуштан сырткары таптардын жана социалдык катмарлардын турмуш шарты, улуту, үй-бүлөлүк жашоо шарты, идеялык чөйрөсү, б. а. адам жашаган чөйрөдөгү рухий, маданий жана информациялык кырдаалдар сыяктуу жагдайлар менен шартталат. Коомдук аң-сезим өз ичине камтыган идеалар менен түшүнүктөрдүн көлөмү, байлыгы менен да жеке аң-сезимден айырмаланат. Коомдук аң-сезимдин структурасы эки деңгээлден жана алты формадан турат. Коомдук аң-сезимдин деңгээлдери болуп социалдык психология, эл массасынын кадыресе аң-сезими жана идеология, теориялык аң-сезим түзөт. «Биринчи» деңгээлде социалдык реалдуулук тике, стихиялуу чагылдырылса, «экинчи» деңгээлде мындай чагылуу концептуалдуу, теориялардын түрүндө болот да, ой жүгүртүү ишмердүүлүгү менен тыгыз байланышат. Коомдук аң-сезимдин формаларына саясий жана укуктук көз караштар менен түшүнүктөр, мораль, искусство, дин жана философия кирет. Бүгүнкү күндө көпчүлүк авторлор бул тизмеге экономикалык, табият таануу жана математикалык, инженердик, медициналык, технологиялык, экологиялык ж. б. аң-сезимдерди киргизип жүрүшөт. Айрым авторлордун пикири боюнча коомдук аң-сезимдин формаларынын мындай өсүшү чындыкка дал келбейт. Анткени алардын санынын көбөйүшү коомдук аң-сезимдин формаларынын калыптанышынын жана жашоосунун 1) алардын коомдук болмуш менен шартталгандыгына; 2) алардын мазмунундагы идеологиялык деңгээлге; 3) алардын кандайдыр бир идеологиялык мамилелердеги негиз же булак катары ойногон ролу сыяктуу критерийлерине каршы келет. Коомдук аң-сезимдин формалары, алардын спецификасы бири-биринен чагылдырган предмети, чагылдыруунун формалары менен ыкмалары, коомдук ролу боюнча айырмаланышат. Коомдук аң-сезим жана анын формалары коомдук болмушка карата белгилүү бир деңгээлдеги көз карандысыздыкка жана өнүгүүнүн өздүк мыйзам ченемдүүлүктөрүнө ээ.

Мындай өзгөчөлүктөр төмөнкүчө байкалат:                                                                                                                   1)   белгилүү бир идеялык традициялардын улануучулугу;                                                                                                 2)   ар кандай формалардын өз ара таасир көрсөтүүсү;                                      3)   коомдук аң-сезимдин коомдук болмуштун өнүгүшүнөн артта калуусу же андан озуп кетүүсү;                                                                          4)   коомдук аң-сезимдин жалпы адамзаттык элементтерди четке какпаган таптык жана идеологиялык мүнөзү;                                                 5)   коомдук аң-сезимдин активдүүлүгү ж-а анын коомго, анын  негиздерине тийгизген таасири.

3. Рухий болмуш – болмуштун бул формасы жалпы жонунан социалдык болмуштун абалынан көз каранды жана анын өнүгүшүндөгү негизги тенденцияларды кайра кайталайт. Ошону менен катар эле XX кылымдын философиясында материалдуу болмуштан салыштырмалуу өз алдынчалуулукка ээ болгон рухий болмуш төмөндөгүдөй артыкчылыктар менен мүнөздөлөт:

       •     рухий болмуштун инструменталдуулугу (латынчадан instrumentum – курал-жарак, каражат), б.а. идеялардын практикалык, материалдуу мааниси менен күч-кубаты толук ырасталган (энергия, атом ж.б.)
      •      аң-сезимсиздик – XX кылымдын философиясы жеке жана коомдук аң-сезимден тышкары, сокур сезимдин чөйрөсүндө жашаган “аң-сезимсиздик” катары аныкталган рухий түзүлүштөрдү тапкан. Аң-сезимсиздиктин коомдук жашоого тийгизген деңгээли азырынча так аныктала элек;
      •     рухий плюрализм жан толеранттуулук(латынчадан tolerantia- чыңдоо, чыдамдуулук) – рухий болмуштун социалдык баалуулуктарды калыптандырган бөлүгү стандартташтыруу жана унификациялоо (латынчадан unos - бир,бирдей, facio – жасайм, кылам) тенденцияларына баш ийбей, тескерисинче, плюрализм жана толеранттуулук катары мүнөздөлгөн көп түрдүүлүктөргө умтула баштаган;
      •     рухий болмуш “убакыттагы багытын жоготуп”, коомдук прогресстин жаркыраган келечеги тууралуу идеялар мокоп, жалпы максаттардын идеологиясы кулаган;
      •     рухий болмуштун олку-солкулугу – жаңы коммуникациялык (латынчадан communication – жалпы кылам, байланыштырам, пикир алдырам) технологиялар рухий болмушту туюнткан формаларды гана эмес, анын структураларынын калыптануу ыкмаларын да терең өзгөрүүгө дуушарлантууда. 

Анын натыйжасында, рухий болмуш туруксуз мүнөз күтүп, социалдык реалдуулуктан бекем орун-очок ала албаса да, ийкемдүү, динамикалуу болуп бара жатат.

         Болмуштун көп деңгээлдүүлүгү анын өнүгүүсү жана процессуалдык мүнөзү менен байланыштуу.                                               Нерселер да, процесстер да, алардын касиеттери менен алакалары да тынымсыз кыймылдап, потенциалдуу же актуалдуу өнүгүүнүн абалдарында болуп турушат.                                                                                Ошол себептен болмуштун төмөнкүдөй дагы үч деңгээлин айырмалап атоого болот:
       •    потенциалдуу (латынчадан potentia – күч; белгилүү бир шарттар менен ыңгайлар түзүлгөндө гана ачык, даана көрүнгөн азырынча жашыруун, катылып жаткан мүмкүндүк) болмуш – бул мүмкүндүктөгү болмуш, бирок, жок болмуш эмес.                                   

Тигил же бул окуя азырынча жашыруун түрдө бышып, жетилип, өнүгүп жатат да, өз мезгили келгенде уруктан дан өнүп чыккан сымал жарыкка чыга келишет;

        •    актуалдуу (латынчадан actualis – чын жашаган, чыныгы, азыркы күндөгү өтө маанилүү, курч маселе) болмуш – бул мүмкүндүктүн чындыкка айланышы, бүгүн реалдуу жашап жаткан нерселер менен процесстердин болмушу;
       •     басаңдап бара жаткан болмуш – бул өнүгүүсүнүн баардык этаптарын басып өтүп, өзүнүн өлүмүнө, талкаланып, жок болуусуна карай бара жаткан болмуш.
    Дүйнөнүн болмушун адам төмөндөгүдөй формаларда кабыл алат:
       •     феномалдуу(грекчеден phainomenon – кубулуш, көрүнүш) болмуш – бул биздин болмуш тууралуу иллюзордуу, болмуш сыяктанып көрүнгөн түшүнүмдөрүбүз. 

Мындай түшүнүмдөр болмуштун өзү болуп эсептелишрейт, алар тажрыйбанын же сезимдик таанымдын жардамы аркасында жаралышат да, болмушту адамдын туюмдарындагы элес сымал чагылдырышат.

       •    ноуменалдуу (грекчеден  – акыл-эс менен гана таанылчу маңыз) болмуш – адамдын аң-сезиминен сырткары, ага көз каранды болбой жашаган болмуштун өзү болуп саналат.                                                                                                          Айрым философтор аны илимдин, акылдын жардамы аркасында таанып билүү мүмкүн десе, И. Кант ноуменалдуу болмушту “өз алдынча жашаган нерсе” деп атап, аны, анын маңызын сезимдер менен да, акыл менен да,                     тажрыйба менен да таанып билүү мүмкүн эмес деген. 
       Феноменалдуу менен ноуменалдуу болмуштардын проблемасы аларды айырмалоого мүмкүндүк берген критерийди табууга мажбурлайт. И. Кант, Л. Витгенштейн өңдүү философтор мындай критерий жок деп белгилешет. Гегелдин, марксисттердин жана башка философтордун пикиринде чыныгы жана жалган болмушту айырмалаган мындай критерий болуп практика болуп эсептелет.
 Колдонулган адабияттардын тизмеси
                Негизги  адабияттар

1. Алексеев П.В., Панин А.В. Философия: Учебник для вузов. - М. 1996. 2. Бөкөшов Ж. Б. Философия – Жалал-Абад, 2002. 3. Введение в философию: В 2-х частях. – Ч.1. – М., 1990. 4. Краткая философская энциклопедия. М., 1994. 5. Радугин А.А. Философия. Курс лекций. – М., 1996. 6. Философия: Учебное пособие для вузов /В.Н. Лавриненко, В.П., Ратникова. – М., 1998. 7. Философская энциклопедия: В 5т. – М., 1965-1970. 8. Философский словарь. – М.,1983. 9. Философский энциклопедический словарь. – М., 1959. 10. Философский энциклопедический словарь. – М., 1989.

       Кошумча  адабияттар

1. Аалиева Г.К., Аалиева Н.К., Аалиева Ш.К. Философиянын тарыхы. – Бишкек. 2002. 2. Аалиева Г.К., Аалиева Н.К., Аалиева Ш.К. Философиянын тарыхы. – Бишкек. 2007. 3. Бытие познание. Саратов. 1999. 4. Вернадский В. И. Философские мысли натуралиста. – М., 1988. Время и бытие человека: Сб. статей. – М. 1997. 5. Гайденко П. П. Прорыв к трансцендентому. – М., 1997. 6. Гартман Н. Старая и новая онтология. Историко-философский ежегодник. – М., 1988. 7. Доброхотов А. Л. Категория бытия в классической западноевропеиской философии. – М., 1986. 8. Камю А. Миф о Сизифе// Бунтующий человек. –М. Изд-во политической литературы. 1990. 9. Ленин В.И. Материализм и эмпириокритицизм. Ленин В.И. Философские тетради. – М., 1965. 10. И.Т. Фралова. – М., Изд-во “Республика”. 2001. 11. Хайдеггер М. Время и бытие. –М., 1993. 12. Энгельс Ф. Табият диалектикасы. – Ф. 1991