Порту

Википедия дан
Порту.

Порту, ОпортоПортугалиянын түндүгүндөгү шаар. Дору (Дуэро) дарыясы Атлантика океанына куйган жердеги порт (аванпорттору – Матозиньюш жана Лейшойнш). Чоң Порту агломерациясынын административдик борбору. Калкы 221,8 миң (2008; шаар айланасы менен 1,3 млн); калкынын саны жана экономикалык мааниси боюнча Лиссабондон кийинки 2-шаар. Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен иштейт. Мурда Португалиянын борбору болуп, өлкө да Порту деп аталчу. 11-кылымдын аягында 12-кылымдын 1-жарымында Португалия графтарынын резиденциясы болгон. Машина куруу, текстиль, тамак-аш–татымал, кепкек (пробка), бут кийим өнөр жай ишканалары иштейт. Собор (12-кылым), роман стилиндеги Сан-Мартину ди Судуфейта собору (12-кылым), готика стилиндеги Сан-Франсишку чиркөөсү ((13-кылым), 14–15-кылымдын курулуштары сакталган. Университет, Соариш душ Рейш улуттук музейи бар. 1996-жылы шаардын борбордук бөлүгү Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]