Португал тили

Wikipedia дан

Португал тили – португалдар менен бразилиялыктардын тили. Роман тилдеринин ибер-роман тобуна кирет. Португалия, Бразилия, Африка, Ангола, Мозамбик, Гвинея-Бисау жана Азияга тараган. Адабий тили 16-кылымда калыптанып, Бразилияга таралып, 19-кылымда жергиликтүү индей тилдерин дээрлик сүрүп чыгарган. Бул тилдин португал жана бразилия тилдери деген эки варианты бар. Айырмасы фонетика менен лексикада. Португалиядагы португал тили 3 диалектиден турат. Жазмасы латын графикасынын негизинде түзүлгөн.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]