Порт-Оф-Спейн

Википедия дан
Порт-Оф-Спейн.

Порт-Оф-СпейнТринидад жана Тобаго Республикасынын борбору (1962-жылдан). Тринидад аралынын түндүк-батышында (Кичи Антил аралы тобу), Кариб деңизинин Пария булуңунун жээгинде жайгашкан. Климаты нымдуу жана ысык субэкватордук. Жылдык орточо жаан-чачыны 1910 мм. Январдын орточо температурасы 26°С, июлдуку 27°С. Калкы 50,0 миң (2010). Деңиз порту. Эл аралык аэропорту бар. Шаар испандар тарабынан 16-кылымда индейлердин тургун жайынын ордунда негизделген. 18-кылымдын аягынан Тринидад ээлигинин башкы шаары. Президенттин жана республиканын өкмөтүнүн туруучу жайы. Металл иштетүү, тамак-аш, цемент, текстиль өнөр жай ишканалары жана кеме верфи иштейт. Англикан собору (1816-23), католик чиркөөсү (1832), мусулман мечити, индуисттердин храмы, улуттук музей, архив, сүрөт галереясы, университет, политехникалык институт, колледж, борбордук китепкана бар. Ири илимий уюму – Кант өндүрүшүнүн технологдорунун ассоциациясы. Ботаникалык бак (экзотикалык өсүмдүктөр өстүрүлөт) уюштурулган. Жыл сайын ар кандай эл аралык фестивалдар өткөрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]