Поспелов, Пётр Николаевич

Википедия дан

Поспелов, Пётр Николаевич 18(20.б. 1898. Конаково, азыркы Калинин обл. - 23. 6. 1979, Москва) - советтик парт, жана илимий ишмер.

  • СССР ИАнын акад. (1953): корр. мүчө (1946).
  • Социалисттик Эмгектин Баатыры (1958).
  • 1916-жылдан КПСС мүчөсү.
  • Кызматкердин үй-бүлөсүнөн.
  • Москва даты айыл чарба академиясында окуган; Кызыл профессура институтут бүткөн (1930).
  • 1917-ж. Тверде (Калинин) парт, жана профсоюздук иште, 1918-20-ж. Челябинскиде жашырын иштеп, 1920-24-ж. РКП(б)нин Тверь губкомунун агитация-пропаганда бөлүмүнүн башчысы болгон.
  • 1924-26-ж. ВКП БКнын агитация-пропаганда бөлүмүнүн инструктору.
  • 1931-34-ж. «Большевик» журналынын редакциясында кызматкер.

«Правда» газетасынын редколлегия мүчөсу жана бөлүм башчысы.

  • 1934-37-ж. ВКП (б) БКнын парт, контроль комиссиясынын мүчөсү жана басма соз тобунун жетекчиси.
  • 1937-40-ж. ВКП (б) БКнын пропаганда жана агитация бөлүм башчысынын орун басары.
  • 1940-49-ж. «Правда» газетасынын редактору.
  • 1949-52-ж. Маркс Энгельс - Ленин институтунун директору.
  • 1952-53-ж.«Правда» газетасынын башкы редакторунун орун басары.
  • 1953 -60-ж. КПСС БКнын секретары, КПСС БКнын РСФСР боюнча бюро мүчөсү.
  • 1961-67- ж. КПСС БКга П. Н. Поспелов, раштуу Марксизм-ленинизм институтунун директору.
  • 1967- жылдан СССР ИАнын президиум мүчөсү.
  • Партиянын 18-20, 22-23-съезддеринде БКга мүчө, 1957-61-ж. КПСС БКнын Президиум мүчөлүгүнө кандидат.

СССР Жогорку Советине (2-6-шайл.) депутат.

Поспелов - партия тарыхы маселеси боюнча бир топ эмгектин автору жана редактору. «СССРдеги граждандык согуштун тарыхынын» 2-томун жазууга катышкан (СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1943).

«Советтер Союзунун Улуу Ата Мекендик согушунун тарыхынын» жана «КПССтин тарыхынын» редакциялык комиссиясынын председатели, В. И. Лениндин илимий биографиясынын авторлор коллективинин жетекчиси болгон.

Алты Ленин ордени, Октябрь Революциясы ордени, башка 2 орден жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.