Потебня Александр Афанасьевич
Көрүнүш
Потебня Александр Афанасьевич [10 (22). 9. 1835, Полтава губ., Роменский уезди, Гавриловка кыштагы – 29. (11. 12). 1891, Харьков] – украин жана орус славист филологу. Петербург Илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү (1877). Харьков университетинин профессор (1875–91) болуп эмгектенген. Жалпы тил илими, фольклор, этнография, сөз, фонетика, морфология, синтаксис, семасиология теорияларын иштеп чыккан. Ошондой эле тилдин келип чыгышы, тил жана ой, тил менен улуттун байланышы жөнүндөгү философиялык изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Тил илиминин өнүгүшүндө анын эмгектеринин мааниси чоң. Эмгектери: Мысль и язык. М., 1862; Киев, 1993; Из записок по русской грамматике. Т. 1–2. М., 1874; Т. 3. 1899; Т. 4. 1958; 1968.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9