Потенциалдык энергия
Потенциалдык энергия – нерсенин бири-бирине карата өз ара жайгашуусуна көз каранды болгон толук механикалык энергиянын бөлүгү. Эл аралык бирдиктер системасында джоуль (Дж) менен өлчөнөт. Жер бетинде жаткан нерсенин потенциалдык энергиясы нөлгө барабар. Жерден кандайдыр бир бийиктикке көтөрүлгөн нерсенин потенциалдык энергиясы Еп нерсе жерге түшкөндөгү аткарылган жумуш менен аныкталат: Е =A=mgh. Мында т – нерсенин массасы, g – эркин түшүү ылдамдануусу, h – бийиктик.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9