Пресс-порошоктор
Пресс-порошоктор — күкүм түрүндөгү, ысытып пресстөө аркылуу материалдарга айлануучу, чайыр жана материал физ. сапатын жогорулатуучу катуу заттар бирикмеси. Алынган материал (фенопласт) касиети, сапаты чайыр санына жана кошумча заттар түрүнө жараша болот. Кошумча заттар порошок түрүндө же була түрүндө болушат. Аралашмага кирүүчү кошулма-ларды бириктирүү, байланыштыруу үчүн негизинен фенол альдегид чайыры колдонулат. Мисалы, техниканын жалпы түрүнө кирүүчү, көп колдонулуучу материалдар (розетка, рукоятка жана башка) алыш үчүн жыгач уну жана фенол альдегид чайыры пайдалынылат. Жогорку температурада иштетилүүчү радиотетиктери асбест же слюданын чайыры кошулган күкүмүнөн алынат. Сууга, к-тага чыдамдуу материалды алууда фенол альдегид чайыры, графит, кокс күкүм түрүндөгү аралашмасы колдонулат жана башка П. п. алуу үчүн чайырды, кошумча заттарды майдалап туруп аралаштырат. Аралашмада чайыр саны 40-50% түзөт. Мындай аралашма 90-120°С ысытып престөө аркылуу таблеткага айландырылат. Таблеткадан буюмдар жасоо ысытып пресстөөнүн ар түрдүү методдору аркылуу жүргүзүлөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6