Мазмунга өтүү

Пржевальский гранит-диорит кени

Википедия — ачык энциклопедия

Пржевальский гранит-диорит кени Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда, Пржевальск шаарынан 15 км түштүк-чыгыш тарапта, Ак-Суу жана Арашан сууларынын аралыгында. 1975–79-ж. геол. изилдөө жумуштары жүргүзүлгөн. Кен аймагында палеозойдун интрузия тоотектери жатат. Пайдалуу тоотек даана профирлүү гранит-диориттен турат. Ал ортоклаз минералынын узун, кооз, ачык боз кристаллдарынан түзүлгөн. Блоктуулугу 30–35 %. Кондициялык блок чыгуучу аянт 70х100 м. Таштан майда кооз асем буюмдарды жасоого болот.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]