Пржевальский чопо кени
Көрүнүш
Пржевальский чопо кени Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда, Каракол шаарынан 1,5 км түштүк тарапта, деңиз деңгээлинен 1840–2142 м бийиктикте. Кенде 1966- жана 1974-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлгөн. Кен антропоген мезгилинде пайда болгон саргыч боз түстөгү кумайлуу чопо катмарынан турат. Ал эрозиянын таасиринен бир нече тилкелерге бөлүнгөн. Пайдалуу кабаттын калыңдыгы 0,5–1 мден 15–20 мге чейин. Технологиялык жана жарым заводдук изилдөөлөрдүн негизинде кумайлуу чоподон "125" жана "150" маркадагы кирпич алынаары аныкталган. Запасы С1 категориясы боюнча 1602 миң м3, С2– 1481 миң м3.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7