Принцесса Елизавета жери

Википедия дан
Принцесса Елизавета жери.

Принцесса Елизавета жери (англ. Princess Elizabeth Land) – Чыгыш Антарктиданын 73 жана 88° чыгыш узундуктарынын аралыгындагы бөлүгү. Шериктештик жана Дейвис деңиздери менен чулганат. Муз катмарынын калыңдыгы 1000–1500 м. Жээктеринде жылаңач аскалар бар (Вестфолль оазизи ж. б.). Австралия экспедициясы иш жүргүзүүчү аймак (Дейвис станциясы). Д. Моусон жетектеген британиялык-австралиялык-жаңы зеландиялык экспедиция 1931-жылы ачкан; англиялык принцессанын (азыр Улуу Британиянын королевасы – Елизавета II) урматына аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]