Прогноздоо
Көрүнүш
Прогноздоо – прогнозду иштеп чыгуу; тар мааниде – кандайдыр бир кубулуштун конкреттүү өнүгүү келечегин атайын илимий изилдөө. Социалдык өнүгүү чөйрөсүндө илимий алдын ала болжолдоону конкреттештирүүнүн формаларынын бири катары пландоо, программалоо, долбоорлоо, башкаруу менен өз ара байланыштыруу. Адатта коомдук илимдерде: 1–2 жылга кыска мөөнөттүү прогноздоо, 5–10 жылга орто мөөнөттүү прогноздоо, 50–100 жылга өтө узак мөөнөттүү прогноздоо болот. Прогноздоо методдору 3 класска бөлүнөт: экстраполяция, моделдөө, эксперттерди суроо. Өнүккөн өлкөлөрдө философия менен социологиянын көп түрдүү жана карама-каршылыктуу методологиялык концепцияларына таянып, алардын мүдөөлөрүнө кызмат кылат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9