Программалоону автоматташтыруу
Программалоону автоматташтыруу – маселенин алгачкы берилишине көбүрөөк жакын болгон баштапкы жазуулар боюнча машиналык программаны автоматтык түрдө алуу үчүн эсептөө машиналарын пайдалануу. Программалоонун мазмуну убакыттын өтүшү менен өзгөрүп, эсептөө машинасы иштөө каражаттарынын жана программалоо методдорунун жалпы өнүгүшүн чагылдырат. Алгач программалоону автоматташтыруу айрым алгоритм тилинде берилген маселени чыгаруу алгоритмин сыпаттоону машина программасына которуу процессин машинага берүүдөн турган. Андан программалоону автоматташтыруу процессине айрым белгиленген класска таандык, бирок маселенин кыскартылган жазуусу боюнча алгоритмди чыгаруунун багытталган синтезинин жол-жобосу кошулган. 1970-жылдарда конкреттүү класс менен чектелбеген, маселелерди кеңири тилдин алкагында чыгаруу алгоритмин синтездөөнүн жол-жобосу катары программалоонун жаңы мазмуну жаралган. Синтез алгоритмдин тууралыгын контролдоо менен коштолот жана формалдуу аппарат катары табигый тилдердин семантикасынын түрдүү моделдерин, предикаттарды эсептөөнү жана далилдерди издөө методдорун камтыйт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9