Программа операторлору

Википедия дан

Программа операторлорупрограмманын командаларынын тобу.

Алар элементардык жана жалпыланган түрдө болот. Элементардык оператор (ЭО) деп ырааттуулук, байланыштуулук, автономиялуу, жөнөкөй касиеттерге ээ болгон оператор айтылат. ЭОдо сырттан берилген башкаруу биринчи командага гана берилет. Андан кийин команда сакталган уячанын номерине карата командадан командага башкаруу жиберилет. ЭО жумуштун бир гана түрүн аткарат. ЭОлор аткара турган жумуштарынын түрүнө карата иш аткарма (беоилген маалыматты изилдеген натыйжага өзгөрткүч), логикалык (логикалык шарттарды текшергич), аракеттүү (программанын командасын өзгөрткүч), токтоткуч (машинанын ишин токтоткуч), жардамчы (маалыматты машинага берүүчү жана машинадан чыгаруучу ж. б.) операторлор болуп айырмаланат.

Жалпыланган оператор деп ырааттуулук жана автономиялуу касиеттерге ээ болгон оператор аталат. Программа операторлору программаны жазуу үчүн колдонулат. Бул үчүн программанын оператордуу схемасы берилет, б. а. оператордун командасы боюнча машина аткаруучу амалдардын бардыгы жазылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.