Проектор

Википедия дан

Проектор (латынча projector – алга ыргытам), проекциялоочу аппарат – негативдин, диапозитивдин, сүрөттүн, чийменин же тетиктин (чоңойтулган, кичирейтилген же чыныгы масштабда) сүрөттөлүшүн экранда көрсөтүүчү оптикалык прибор. Проектор диаскоптуу, эпископтуу, эпидиаскоптуу болуп айырмаланат. Диаскоптуу проектордо (проекциялоочу аппараттар, кинопроекторлор) тунук объектинин сүрөттөлүшү андан жарык өтүү аркылуу алынат, эпископтуу проектордо тунук эмес объектинин сүрөттөлүшү чагылган жарык аркылуу алынат. Эпидиаскоптуу проектор алардын айкалышынан түзүлөт. Проекторлор кино жана сүрөт техникасында, картографияда, көчүрмө техникада, так механизмдерди өлчөөдө ж. б. тармактарда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]