Прокси сервер

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Прокси сервер (англ. proxy server - ыйгарым укуктуу сервер) - компьютердик желедеги клиенттин башка серверлерге болгон кайрылуусунун ыйгарым укугун аткарган кызмат.

Клиент прокси серверге кайрылат жана башка серверде жайгашкан бир ресурсту (мисалы, файл, баракча жб.) талап кылат. Прокси сервер талап кылынган сервер менен байланышып же өзүнүн кешинде (өзүнүн кеши бар болсо) сакталган ресурсту алып клиентке берет.

Прокси сервер клиентти желедеги кол салуулардан коргойт, клиенттин жашырындуулугун камсыздоого жардам берет.

Прокси сервер жергиликтүү тармакты Интернетке байланыштырат. Клиенттер серверге Интернеттин кайсы ресурстарды кызыктыра турганын кабарлайт, прокси сервер Интернеттен талап кылынган ресурстарды жүктөп андан ары клиенттерге жиберет. Прокси-сервердин негизги милдети сырткы колдонуучуларды тармактын ички ресурстарын колдонууга жол бербөө, ошондой эле ички тармак колдонуучуларына берилиштер ресурстарынын так жайгашкандыгы жөнүндөгү маалыматты сунуш кылуу. Мында прокси-серверден башка жергиликтүү тармак сыртындагы компьютерлерге жетүүгө болбойт.

Прокси-сервер аркылуу Интернетке туташтырылганда колдонуучулардын талаптары башында жергиликтүү тармакка жиберилет. Прокси-сервер Интернеттен талап кылынган ресурстарды алып чыгат, аларды колдонуучуга сунуш кылуу менен өзүндө бул ресурстар тууралуу көчүрмөнү сактап калат. Бул маалыматтарга кайталап кайрылууда прокси–сервер жергиликтүү компьютерлерге сакталган көчүрмөнү жүктөп берет. Ошону менен алыска байланышуу саны азаят. Эгерде Интернет провайдеринин каналы тиешелүү өндүрүмдүү болбосо, прокси-серверди колдонуу менен маалыматтарга жетүү ылдамдыгын жогорулатат.

Милдеттери[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Жергиликтүү желедеги (тармактагы) компьютерлердин Интернетке чыгуусуна мүмкүнчүлүк берүү.
  • Берүүлөрдү кеште сактоо: сырткы желеге багытталган каналдагы оордукту азайтыш жана клиенттин кайрылуусуна жооп берүүнү ылдамдатуу үчүн көп талап кылынган ресурстарды кеште сактайт.
  • Берүүлөрдү кысуу: прокси сервер Интернеттен ресурсту жүктөп, аны клиентке кысылган түрдө жиберет.
  • Локалдык желени сырткы жетүүлөрдөн коргойт: мисалы, проски серверди локалдык компьютерлер сырткы ресурстарга ал аркылуу гана кайрылуусун ырастоо мүмкүн, сырткы компьютерлер ички/локалдык компьютерлерге кайрыла албайт (алар прокси серверди гана "көрө алышат").

Түрлөрү[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Ачык/тунук (open) прокси сервер

Ачык/тунук (open) прокси сервер - клиенттин кайрылууларын билгизилбей өткөргүчтөн (gateway, маршрутизатор) прокси серверге багыттаган прокси сервер. Ошондуктан, ачык прокси сервер аркылуу иштөө үчүн клиенттин веб браузеринде проски серверге тийешелүү ырастоолорду кылуу керек эмес. Мисалы: route -p add 10.32.5.5 mask 255.255.255.255 10.32.1.14

  • Түз (forward) прокси сервер

Түз (forward) прокси сервер - клиенттин кайрылууларын сырткы желеге багыттаган прокси сервер. Түз прокси сервер менен иштөө үчүн клиенттин веб браузеринде проски серверге тийешелүү ырастоолор кылынышы зарыл. Ички желенин коопсуздугун камсыздоо үчүн колдонулат.

  • Тескери (reverse) прокси сервер

Тескери (reverse) прокси сервер - сырткы желеден келген клиенттердин кайрылууларын ички желенин ичинде жайгашкан бир же бир нече серверге багыттаган прокси сервер. Көбүнчө оордукту бир нече серверге бөлүштүрүү жана алардын коопсуздугун камсыздоо үчүн колдонулат.

Эң көп колдонулган мисалдары[оңдоо | булагын оңдоо]

  • 3proxy (BSD, көп платформалык)
  • CoolProxy ( проприетардык, Windows)
  • Eserv (shareware, Windows)
  • HandyCache (shareware, Windows) үйдө колдонуу үчүн акысыз
  • Kerio Control (проприетардык, Windows, Linux)
  • Microsoft Forefront Threat Management Gateway, мурдараак Microsoft ISA Server (proprietary, Windows)
  • nginx (веб-сервер, көбүнчө reverse proxy катары колдонулган)
  • Squid (GPL, көп платформалык)
  • Traffic Inspector (проприетардык, Windows)
  • UserGate (проприетардык, Windows)
  • Интернет Контроль Сервер (shareware, FreeBSD)
  • TOR (BSD, көп платформалык)
  • Ideco ICS (проприетардык, Linux)
  • WinGate (проприетардык, Windows)

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]