Пророков, Борис Иванович

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Пророков, Борис Иванович (1911, Иваново-Вознесенск, азыркы Иваново – 1972, Москва) – советтик графиги. СССР эл сүрөтчүсү (1971), СССР сүрөт академиясынын корреспондент мүчөсү (1954). Вхутеинде (1929–31) Д. С. Моор менен П. Я. Павлиновдон таалим алган. “Комсомольская правда” газетасы (1931–38), “Смена” (1929–37) жана “Крокодил” (1938-жылдан) журналдарынын кызматкери. Чыгармалары импер. Агрессияга каршы күрөшкө арналып, курч публицистикалуулугу, көтөрүңкү эмоциялуулугу, кыймылдын экспрессиялуулугу, түстөрдүн контрасттуулугу менен айырмаланат. Негизги чыгармалары: “Мына, ошол Америка!” (сепия, тушь, 1948-49; СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1950); “Маяковский Америка жөнүндө” деген сериясы (тушь, гуашь, акварель, көмүр, пастель, коло, 1951–54) жана “Тынчтык үчүн” сериясынан “Трумэндин танктарын чөгөрөлү”, “Америка жандармдары Японияда” сүрөттөрү (булар үчүн СССР мамлекеттик сыйл., 1952; баары Третьяков галереясы); “Бул кайталанбасын!” (тушь, темпера, акварель, карандаш, 1958–59, Орус музейи, Ленинград; Лениндик сыйлыгы, 1961). Эки орден жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]