Пунктирдик манера
Көрүнүш
Пунктирдик манера (латынча punctum – чекит) – негизинен живопись чыгармаларын реставрациялоо үчүн колдонулган тереңдетилген гравюранын техникалык бир түрү. П. м. гравюрасын көбүнчө атайын ийнелер менен аткарышкан, (к. Пунсон макаласын); кээде тактанын үстүнө эң майда чекитерди түшүрүшкөн, алардын жыштыгы (жана чоңдугу) жарык шаңдык градацияларды жакшы берген. П. м. XVIII кылымдын экинчи жарымында айрыкча кеңири тараган; Россияда анын көрүнүктүү чеберлеринен Г. И. Скородумов болгон. Ал учурда бул техника көмөкчү техника катары карандаш манерасын жана тереңдетилген башка түрлөрүн коррекциялоо үчүн колдонулган. Азыркы учурда П. м. сейрек кездешет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004